Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:54

Сауд Арабиясынын падышасы Салман ооруканага түштү


Пвдыша Салман бин Абдул-Азиз Ал Сауди 2015-жылы такка отурган.
Пвдыша Салман бин Абдул-Азиз Ал Сауди 2015-жылы такка отурган.

Падышычылыктын сарайы 20-июлда 84 жаштагы Салман бин Абдул-Азиз Ал Саудинин өтү сезгенип, тактап айтканда, холециститтен улам Эр-Рияддагы атайын ооруканага жаткырылганын, медициналык кароодон өткөрүлөрүн учкай кабарлады.

Сауд Арабиясын 2015-жылдан башкарып келе жаткан падышанын саламаттыгы тууралуу адатта чанда гана ачык маалымат берилет.

Тышкы иштер министрлиги Ирактын премьер-министри Мустафа ал-Кадхиминин 20-июлдагы Эр-Рияддагы сапары жылдырылганын маалымдады.

Падыша Салман аталаш бир тууганы Абдулла 90 жаш курагында каза болгондо такка отурган. Ал Сауд Арабиясын негиздеген падыша Сауди бин Абдул-Азиз Ал Сауди көз жумгандан кийин бийликке келген анын уулдарынын акыркысы. Эң бай араб өлкөлөрүнүн бири болгон Сауд Арабиясында падыша чексиз ыйгарым укуккка ээ.

Эр-Рияд 2017-жылы падыша өзүнүн 34 жаштагы уулу, тактынын мураскер ханзаадасы Мухаммеда бен Салман үчүн бийликтен баш тартканы жатканы тууралуу маалыматтарды четке каккан. Ханзааданын дарегине Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугунда журналист Жамал Хашогжи киши болгондон кийин сын-доомат күчөгөн.

XS
SM
MD
LG