Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Жамал Хашогжини өлтүрүүгө шектүүлөргө акыркы өкүм чыкты


Жамал Хашогжинин сөөгү эмгиче табыла элек.
Жамал Хашогжинин сөөгү эмгиче табыла элек.

Сауд Арабиясында журналист Жамал Хашогжини өлтүрүүгө катышкан деген шек менен камалгандарга акыркы сот өкүмү чыкты. «Al Arabia» телеканалы анда беш адам 20 жылга түрмөгө кесилип, дагы үчөө жети жылдан он жылга эркинен ажыратылганын маалымдады.

Ушул жылдын май айында журналисттин үй-бүлөсү Хашогжини өлтүргөндөрдү кечирген. Падышалыктын мыйзамдарына ылайык, мындай учурда оор кылмышка айыпталгандарды өлүм жазасына тартууга болбойт.

Түркияда сот июль айынан тартып Хашогжинин киши колдуу болушуна байланыштуу ачылган ишти карай баштаган. Анкара бул факт боюнча 20 адамга айып койгон жана алардын арасында Сауд Арабиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммед ибн Салмандын мурдагы кеңешчиси да бар экени айтылган.

«The Washington Post» басылмасы менен кызматташып келген Хашогжи 2018-жылы октябрь айында Стамбулдагы Саудиянын консулдугунда өлтүрүлгөн. Ошол убактарда ал Эр-Рияддын саясатын кескин сындап жүргөн.

Сауд Арабиясы Хашогжи консулдукта өлтүрүлгөнүн бир нече жумадан кийин гана моюнга алган. Анын сөөгү ушул күнгө чейин табыла элек. Түркия Эр-Рияддагы бийликтин жогорку эшелонун «журналистти жок кылууга буйрук берген» деп айыптаган, падышалык бул дооматты четке каккан.

Эл аралык коомчулук Эр-Рияддан журналисттин өлүмүн ачык, калыс иликтөөнү талап кылып келет.

XS
SM
MD
LG