Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Бишкекте коронавируска байланыштуу санитардык көзөмөл күчөтүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте коронавируска байланыштуу санитардык көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу 23-мартта мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө, бирок, ошондой болсо да атайын мобилдик бригадалар мекеме-ишканаларды эми көбүрөөк текшере башташат.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү - 23-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул вирус 75 адамдан аныкталды, каза болгондор катталган жок. Оору жаңы аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында - 56 адам.

Өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 87 миңге жетти, каза болгондор - 1490 адам. Ооруну жугузуп алгандардын 43 миңге жакыны Бишкектин тургундары. (RK)

XS
SM
MD
LG