Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

Пара алууга шектелген депутаттын агасына айыппул салынды


Бахтияр Төлөнов (сүрөт Интернеттен алынды).
Бахтияр Төлөнов (сүрөт Интернеттен алынды).

Пара талап кылууга айыпталган Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык кеңеш берүү борборунун мурдагы директору Бахтияр Төлөновдун иши 23-мартта Бишкек шаардык сотунда каралды.

Шаардык соттун өкүлдөрү билдиргендей, жараянда биринчи инстанциянын чечими күчүндө калды.

Биринчи май райондук соту буга чейин аны Жазык кодексинин 326-беренеси (“Опузалап пара алуу”) менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айыппулга жыккан.

2020-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат Бахтияр Төлөнов 9-январда Бишкектеги кафелердин биринде 800 АКШ доллары өлчөмүндө пара менен кармалганын кабарлаган. Ал кыргызстандыктарга чет элде иштөөгө квота берген комиссиянын төрагасы болуп да иштеп келгени айтылган. Маалыматта ал пара чет өлкөдөгү кыргызстандык жарандардын эмгек ишмердүүлүгүнө уруксат алуу маселесин оң жакка чечиш үчүн талап кылынганы жарыяланган.

Бахтияр Төлөнов - Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери, депутат Данияр Төлөновдун бир тууганы.

Ал жана адвокаттары өз дарегине карата айыптоолорго комментарий бере элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG