Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Шайлоо: шаардык кеңешке аттанган туугандар


2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоо. Иллюстрациялык сүрөт.
2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоо. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоого жек-жаат, туугандарга байланган партиялар катышып жатат. Айрыкча Бишкек шаардык кеңешине бараткан партияларда мындай байланыштар көп.

Тааныш-билиш талапкерлер

Үй-бүлө мүчөлөрү чырмалышып шайлоого аттанган партиялар боюнча Бишкек шаардык кеңеши алдыга эч кимди салбайт. Шаардык кеңештеги 45 мандатка 25 партиядан 1 820 талапкер ат салышып жатат. Бир мандат үчүн 40 киши күрөшүп жатканы атаандаштык кандай курч экенин көрсөтүп тургандай. Депутат болуп борбор калааны гүлдөтүү тууралуу кабат-кабат убада берип жаткан партиялардагы коомчулукка белгилүү болгон туугандык байланыштар боюнча сөз кылсак.

«Кыргызстан Элдик Демократиялык партиясынан» баштасак. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Куванычбек Конгантиев ушул партиянын катарынан шайлоого баратат. Ал мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин агасы, экс-башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошевдин жубайы Рысгүл Акимжанова жана парламенттин экс-төрагасы маркум Мукар Чолпонбаевдин кызы Нуриля Чолпонбаева да «Кыргызстан Элдик Демократиялык партиясынан» талапкер.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев төрагалык кылган «Ынтымак» партиясы да мындай байланыштардан куру эмес. Марлен Маматалиев - Кадр кызматынын башчысы Абдрахман Маматалиевдин уулу. Парламенттин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин кызы, шаардык кеңештин депутаты Наргиза Жолдошбаева да «Ынтымактан» талапкер. Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Закир Шараповдун кызы Жибек Шарапова да ушул партия менен шайлоого баратат. Партияда депутаттардын кыздарынан башка талапкерлер да бар. Мисалы, Чүй облусунун мурдагы жетекчиси Туйгуналы Абдраимовдун уулу Акжол Абдраимов.

Белгилүү олигарх Аскар Салымбеков түзгөн «Эмгек» партиясында анын агасы, экс-депутат Мамытбай Салымбековдун уулу, шаардык кеңештин депутаты Жумабек Салымбеков бар. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовдун бир тууганы, шаардык кеңештин депутаты Асел Пирматова да «Эмгектин» катарын толуктады.

«Республика» партиясында үчүнчү катарда Марат Аскеров турат. Аскеров депутат Гүлкан Молдобекова менен Кесиптик кошуундар федерациясынын экс-башчысы Мирбек Асанакуновдун уулу.

«Мекен Ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбеков миллиондон ашык калк жашаган, таштанды, жол, социалдык көйгөйлөр жылдап чечилбей келаткан Бишкек шаарына ашкере туугандашкан партиялардын ат салышып жатышы жана кызыкчылыктар кагылышы тууралуу пикири менен бөлүштү.

Темирбек Асанбеков.
Темирбек Асанбеков.

«Көмүскө экономиканын өкүлдөрү шаардын бюджетин көбөйтүүгө эч качан жардам бербейт. Шайлоого бараткандардын көбү көмүскө экономиканын арты менен байыган бай-манаптар, олигархтар. Алар таасирин сактап калыш үчүн гана саясатка аралашууда. Бир да партиянын идеологиясы, тарыхы жок. Кээ бири партияны жаңы эле түзө коюп шаардык кеңеште шаардын маселесин чече албай отурган депутаттарды кошуп алып баратат. Артында парламенттеги колдоочулары турат. Булар шаарга эч кандай пайда алып келбеси көрүнүп эле турат».

Атадан калган аманат партиялар

Жергиликтүү кеңешке шайлоонун алдында гана пайда болгон «Ата-Журт Кыргызстан» партиясында премьер-министр Улукбек Мариповдун кеңешчиси, экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин уулу Тимур Осмоналиев бар. Ушул партия менен Жалал-Абад шаардык кеңешине Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев да шайлоого катышууда.

«Социал-демократтар» партиясын Бишкек шаардык кеңешине абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин карачечекей уулу Кадырбек Атамбаев баштап баратат.

«Замандаш» партиясынын негиздөөчүсү, маркум Муктарбек Өмүракуновдун уулу Аскар Өмүракунов Бишкек шаардык кеңешине «Замандаштан» биринчи тизмеде турат.

«Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясынан шайлоого жарандык активист Азият Жекшеев катышууда. Ал Легендарлуу парламенттин депутаты, партиянын негиздөөчүсү, маркум Жыпар Жекшеевдин уулу.

«Улуу-Журт» партиясынан шаардык кеңешке шайлоого ички иштер министринин мурдагы орун басары, ушул тапта абакта жаткан Курсан Асановдун кызы Элнура Асанова катышууда.

Бишкек шаардык кеңешине «Кыргызстандын коммунисттеринин партиясынын» тизмесин анын лидери, экс-депутат Исхак Масалиев жетектеп баратат. Өзү төрагалык кылган партиянын катарында кызы Каныкей Масалиева бар.

Люстрация талабы

Бишкектин Биринчи май районунун акиминин орун басары, «Жаңы Муун» кыймылынын лидери Мавлян Аскарбеков бийликтеги жек-жаат, тууган-туушкандарды тыйыш үчүн люстрация мыйзамын кабыл алып, партиялар жөнүндө мыйзамды өзгөртүш керек деп эсептейт.

«Люстрация мыйзамы өтө деле татаал эмес. Биз былтыр октябрь окуясына алып келген саясий партиялар, алардын мүчөлөрү жана эки-үч чакырылыштан бери депутат болуп отургандарды люстрация кылуу керек деп айтканбыз. Шайлоо эски система менен эле өтүп жатат. Азыр саясатчылар өзүнүн талапкерлерин чогултуп алып эле үгүт кылышууда. Биз АКШ, Европа өлкөлөрүндөгүдөй шайлоо болушу керек деп жатабыз. Жок эле дегенде үч ай дебаттар болушу керек. Азыр болсо жергиликтүү кеңештерге баягы эле адамдар баягы эле система менен баратат. Мындай жүрүш менен чоң өзгөрүүлөрдү күтүп болбойт».

Жогоруда сөз болгондор Бишкек шаардык кеңешине катышып жаткан партиялардагы коомчулукка белгилүү болгон гана туугандык байланыштар. Дагы сүрүштүрүп отура берсе саясий уюмдардагы карым-катыштар, ата-бала, ага туугандардын тизмеси узарып кете берет.

Бишкек жана бизнес кызыкчылык

«Кыргызстан жаштар федерациясы» кыймылынын лидери Айбек Теңизбаев ишкерлер жана алардын жакындарынын шаардык кеңешке келишин бизнес кызыкчылык менен байланыштырды:

Айбек Теңизбаев.
Айбек Теңизбаев.

«Аларда шайлоодон өтүп келүү ыктымалдуулугу жогору болууда. Негизинен тарых көргөзгөндөй, акчалуулар бийликке келгенде көп учурда мотивациясы башка болгондугу белгилүү. Көпчүлүгү акчанын артынан жеке бизнесин коргоо жана өнүктүрүү үчүн келип жатышат. Жыйынтыгында шаар эмес, алардын бизнеси өнүгүп жатат. Бул жаркын келечек үчүн акыйкатсыз. Эгерде алдыга жылабыз дей турган болсок шайланууга ар бир жарандын реалдуу мүмкүнчүлүгү болгондой система, чөйрө куруш керекпиз. Муну өзгөртсө болот, каалоо гана керек».

«Kloop.kg» порталы шаардык кеңешке шайлоого катышып жаткан талапкерлердин ичинен 208и былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого ар кайсы партиялар менен катышканын талдап чыкты. Алардын ичинде шайлоонун баштапкы жыйынтыгы менен биринчи жана экинчи болуп келген «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон адамдар бар. Бирок парламенттик шайлоодо алдыга чыккан эки партия тең жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышкан жок.

Саясат талдоочу Айданбек Акматов да Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышып жаткан партиялардагы туугандык байланыштарды ишкерлердин бизнес империясын сактоо жана аны өркүндөтүү аракети катары баалады. Ал бир партияга тууган-туушкандардын киришине мыйзам тыюу салбасын айтып, маселени чечүүнүн жолун сунуштады.

«Бул саясатчылардын жеке өзүнө жана коомго байланыштуу маселе. Эл шайлоо сайын аларды колдой берсе коом ошого жараша жооп ала берет. Шайлоочулар эгерде «үй-бүлөлүк, кландык башкаруу болот. Шаардын ресурсу алардын колуна түшсө коррупция гүлдөйт» деп баа берүүгө жөндөмдүү болсо бул токтойт. Демек, добуш берүүдө караш керек».

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Бишкек шаардык кеңеши 45 мандаттан турат. Шайлоодон утуп чыккан партиялар төрт жыл иштейт.

XS
SM
MD
LG