Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:35

Ошто дагы бир кишини атып кетишкени кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош милициясы шаардагы "Жапалак" авто базарынын жанында табылган кишинин сөөгү медициналык экспертизадан өткөрүлүп, октонбу же бычактанбы - эмнеден каза тапканы текшерилүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык 23-мартта эртең менен саат сегиздер чамасында Көкүм Бий көчөсүндө 30-35 жаштагы кишинин сөөгү табылган. Анын денесинин үч жеринде тешик болгон. Маркумга ок атылганбы же бычак сайылганбы текшерилүүдө. Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө башталды.

Буга чейин 19-мартка караган түнү Өзгөн шаарында автоунаада отурган кишилерге куралдуу кол салуу катталган. Ал ирет «Хонда Инспайер» үлгүсүндөгү машинедеги 3 кишини таңга жуук, саат 03:15 чамасында белгисиз бирөөлөр атып кеткен. Кол салуудан 31 жана 21 жаштагы эки жаран оор жараат алып, ооруканага бараткан учурда каза болушкан.

31 жаштагы дагы бир жаран ооруканага кайрылып, бирок абалы канааттандырарлык болгондуктан кайра чыгарылган.

25-февралда Бишкекте түнкү клубдун ди-джейин белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. 6-февралда Нарын шаарында жергиликтүү тургун октон каза тапса, 13-январда Кара-Кулжа районунда милициянын эки кызматкерин белгисиз адамдар аткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG