Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Мирзиёев журналисттерди сын материалдарды көбөйтүүгө чакырды


Өзбекстандын президентти Шавкат Мирзиёев журналисттер менен.
Өзбекстандын президентти Шавкат Мирзиёев журналисттер менен.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өткөн аптада Ташкентте журналисттер менен баарлашып, аларды өлкөдөгү абалды объективдүү чагылдырууга, курч суроолорду берүүдөн коркпоого жана көйгөйлүү маселелердин жаралышына күнөөлүү адамдарды сындоого чакырды.

«Сындагыла! Алардын аты-жөнүн, сүрөтүн белгилеп: «Эмне үчүн сен муну жасаган жоксуң? Эмне үчүн сиз тапшырманы аткарбай жатасыз?» деп, баарына кабардар кылгыла. Бул үч-төрт жарлыкка караганда чоң таасирге ээ, сиздерде чоң бийлик бар», -деди Мирзиёев.

Ошол эле маалда өзбек лидери өз дарегине сын айтууга мүмкүнбү-жокпу - аны айткан жок. Соңку мезгилдерде Өзбекстандын президенти аймактарды кыдыруу учурунда журналисттер менен сүйлөшө баштаганы байкалууда. Алгачкы диалог февралда Шавкат Мирзиёев Наманганга барган учурда болгон. Журналисттерде өздөрү каалаган суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк болбосо да, эл аралык байкоочулар муну «маанилүү окуя» деп эсептешүүдө.

XS
SM
MD
LG