Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Навальныйды бошотуу талабы менен эң ири митинг өтмөкчү


Орусиядагы бийликке каршы акциялардын бири. (Архивден).
Орусиядагы бийликке каршы акциялардын бири. (Архивден).

Орусиялык саясатчы Алексей Навальныйдын командасы аны бошотуу талабы менен жазында бир катар митингдерди, нааразычылык акцияларын өткөрөрүн жарыялады.

Саясатчынын тарапташтары акция өтө турган датаны жана жерди ага катышууга 500 миң киши даяр экенин билдиргенден кийин айтууну пландашууда.

Митингге катталуу үчүн өзүнчө сайт ишке кирип, бирок, акция жөнүндө маалымат жарыялангандан кийин ачылбай калды. Навальныйдын тарапташтары Орусия тарыхындагы эң ири акцияга чыгууну пландоодо. Билдирүүдө митинг – саясатчыны бошотуу боюнча пландын бир бөлүгү гана экени белгиленген.

Кремлдин башкы сынчысы, 44 жаштагы Алексей Навальный былтыр августта Томск шаарында тымызын ууландырылган. Комага түшкөн Навальныйды атайын учак менен Омск шаарынан Берлинге жеткиришип, анын өмүрүн сактап калышкан.

«Новичок» уулуу заты менен оппозициячыл саясатчыны ууландыруу аракетин орус коопсуздук кызматкерлери жүзөгө ашыргандыгы ачыкка чыкканына карабастан, Кремль бул фактыны четке кагып келет.

Ал быйыл январда Германиядан келгенден кийин кармалып, 2014-жылкы иши боюнча 3 жыл 8 айга эркинен ажыратылды. Кийин Москва шаардык соту мөөнөттү бир аз азайтуу менен чечимди күчүндө калтырган. Навальный учурда Владимир облусундагы Покров шаарчасындагы түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатат.

XS
SM
MD
LG