Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Шыкмаматов: Венеция комиссиясы менен диалог курушубуз керек (видео)


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Венеция комиссиясынын Кыргызстандын жаңы Конституциясынын долбооруна байланыштуу корутундусундагы сунуштар боюнча бийлик өз аргументтерин айтып, ортодо диалог болушу керек деп эсептейт. Ал бул тууралуу “Азаттыктагы” маегинде билдирди.

“Мен кунт коюп окуп чыктым. Албетте биз алардын айткандары менен эсептешишибиз керек. Алар өздөрү деле “менин айтканым айткан, дегеним деген” дешпейт. Эгерде силердин башка пикириңер болсо угууга даярбыз дешет. Биз алар менен диалогго барып, өз чындыгыбызды далилдейбиз. Ага даярбыз”, - деди Шыкмаматов.

Шыкмаматов Венеция комиссиясы Кыргызстандын жаңы Конституциясынын долбоору боюнча чыгарган корутундусу – бул сунуш гана, аны сөзсүз аткаруунун зарылчылыгы жок экенин кошумчалады.

Буга чейин Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) менен бирге Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоору боюнча корутундусун жарыялады. Анда сунушталган Баш мыйзам кабыл алынса, бийлик бир колго топтолоору айтылат. (TSh)

XS
SM
MD
LG