Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:23

Британия куралдуу күчтөр боюнча стратегиясын өзгөртөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Британия өкмөтү 22-мартта жарыялаган планга ылайык, өлкөдө куралдуу күчтөрдүн саны кыскартылып, дрон, роботторду чыгарууга жана “кибер аскерлерди” түзүүгө көбүрөөк каражат жумшалат.

Британиянын коргоо министри Бен Уоллес билдиргендей, 2025-жылы кургактагы аскерлердин саны төрт миңге же 76500дөн 72500гө чейин азайат.

Анын айтымында, тынчтык заманда аскерлер ашыкча көп жана жетиштүү деңгээлде куралданбагандай болбошу керек. Жаңы инвестициялар технология жана инфраструктурага жумшалат.

Британия коргоо тармагына көп каражат бөлгөн мамлекеттердин бири. Анын аскердик бюджети НАТОго мүчө мамлекеттердин ичинен АКШдан кийинки, экинчи орунда турат. Былтыр ноябрда британ өкмөтү алдыңкы төрт жылда коргоо тармагына 16,5 миллиард фунт бөлөрүн жарыялаган.

XS
SM
MD
LG