Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Кытай менен Орусия Батыштын санкцияларын сынга алды


Сергей Лавров жана Ван И. Кытай, 2021-жылдын 22-марты.
Сергей Лавров жана Ван И. Кытай, 2021-жылдын 22-марты.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бээжинде жолугуп, БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүн саммит өткөрүүгө чакырышты. Адам укуктарын бузуп, диссиденттерди куугунтукташканы үчүн эки мамлекетке тең Батыш санкция киргизген.

23-мартта Кытайдын башкалаасында биргелешкен маалымат жыйынын өткөргөн Ван И менен Сергей Лавров Батыш өлкөлөрүнүн сынын четке кагышты. Лавров Москва жана Бээжиндин көз карашында АКШ «кансыз согуш доорундагыдай саясий альянстарга таянып, эл аралык укуктук түзүлүштү жок кылууга аракет кылууда” деп билдирди.

Ван И. 26-февраль, 2020-жыл.
Ван И. 26-февраль, 2020-жыл.

Шинжаңда мусулмандар куугунтукка кабыл жатканынан улам Европа биримдиги, Британия, Канада жана АКШ тарабынан Кытайдын расмий адамдарына санкция жарыяланган. Ван И Батыштын бул кадамдарын катуу сынга алды.

Сапар алдында Лавров Кытайдын маалымат каражаттарына маек куруп, эки мамлекеттин мамилеси тарыхта болуп көрбөгөндөй жакшы деңгээлге чыкканын айткан:

Сергей Лавров
Сергей Лавров

"Биздин акыркы 20 жылдагы мамилелерибизге мүнөздүү динамикалык кызматташтык келишим убакыттын сыноосунан өттү дегенди айгинелейт".

Быйыл Орусия менен Кытайдын ортосундагы достук жана кызматташтык келишимине 20 жыл толот.

Башкы дипломаттар адегенде дүйшөмбүдө Кытайдын түштүгүндөгү Наньин шаарында кездешти. Жолугушууда министрлер башка өлкөлөрдүн ички иштерине аралашып жатат деп Вашингтонду сындашты. АКШны Ирандын ядролук программасы боюнча эл аралык келишимге кайтууга үндөштү.

2018-жылы мурдагы президент Доналд Трамп сөз болгон келишимден АКШны чыгарып кеткен. 2015-жылы жетишилген ал документке 7 мамлекеттин катарында Кытай менен Орусия дагы кол койгон эле. Экөө тең Тегеран менен тыгыз кызматташат.

“Бир тараптуу санкцияларга каршы турушубуз керек”, -деди Ван И. Анын бул комментарийинин алдында Кытай Батыштын чектөөлөрүнө жооп катары Еврошаркеттин 10 жаранына жана 4 уюмга каршы санкция салынарын жарыялаган. Санкцияга кабылгандардын сап башында Евробиримдиктин Кытай менен иштей турган комиссиясынын жетекчиси Райнхардт Бютикофер баштаган таасирлүү адамдар бар.

Ал эми 4 уюмдун катарына Европа Кеңешинин саясат жана коопсуздук комитети, Европарламенттин адам укуктары боюнча кичи комитети, Германиядагы Кытай таануу институту жана Даниянын демократияны колдоо фондунун альянсы кирген.

Расмий Бээжиндин ынанымында санкцияга кабылгандар Шинжаң маселесинен улам Кытайдын эгемендигине жана кызыкчылыктарына залака тийгизип жатышат.

Буга чейин Орусия президенти Владимир Путин Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен телефондон сүйлөшүүсүндө Евробиримдикти “конфронтациялык саясат” жүргүзгөндүгү үчүн айыптаган.

Брюссель дүйшөмбү күнү Чеченстандагы адам укуктарынын чектелишине байланыштуу жумурияттын эки расмий адамына санкция киргизген.

"Навальныйдын ишине байланыштуу 2 жума мурун кабыл алынган санкциялардан кийин биз 6 мамлекетте адам укуктарынын олуттуу бузулушуна жооп катары чечкиндүү аракет көрдүк. Шаркеттин тышкы иштер кеңеши Кытай, Түндүк Корея, Ливия, Түштүк Судан, Эритрея жана Орусиядагы 11 кишиге жана 4 компанияга санкция салууну жактырды", - деп билдирди 22-мартта Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Йозеп Боррелл.

Путин менен сүйлөшүүсүндө Мишель оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды бошотууга үндөдү. Оппозиционердин ууландырылышына жана камалышына тиешеси бар деген жүйө менен Еврошаркет орусиялык жогорку 7 аткаминерди санкциялар тизмесине кошкон.

Буга чейин АКШ, Канада сыяктуу мамлекеттер Шинжаңдагы мусулмандардын репрессияларын "геноцид" деп атаган болчу. Ал эми Орусияга Крымды аннексиялашы, Донбасстагы согуш, АКШдагы шайлоого ыктымал кийлигишүүсү жана Алексей Навальный баш болгон оппозициячыл саясатчылардын өмүрүнө кол салып, куугунтуктаганы үчүн санкция киргизген.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде кеминде бир миллионго чукул мусулмандар - алардын басымдуу көпчүлүгү уйгурлар - Шиңжандагы «тарбиялоочу борборлордо» кармалып турат. Кытай бул дооматтарды четке кагып, ал жайларды "ислам радикализмине каршы турууга багытталган билим мекемелери" катары сыпаттап келет.

Шиңжанга чектеш жайгашкан Борбор Азия мамлекеттерине баш калкалап, качып келүүгө үлгүргөндөр Кытайда адам укуктары чектен чыккан деңгээлде бузулуп жаткандыгын айтышкан. Буга чейин Кыргызстанда жана Казакстанда Бээжиндин катаал саясатына каршы нааразылык акциялары өткөн.

XS
SM
MD
LG