Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Байден Путинди ачуу сындады


Жо Байден АКШнын вице-президенти, ал эми Владимир Путин Орусиянын премьер-министри болуп турганда Москвадагы жолугушуу, 2011-жылдын марты.
Жо Байден АКШнын вице-президенти, ал эми Владимир Путин Орусиянын премьер-министри болуп турганда Москвадагы жолугушуу, 2011-жылдын марты.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байдендин акыркы интервьюсунан кийин АКШ менен Орусиянын ортосундагы курчуп турган мамиле ого бетер татаалдашты. Байден Путинди АКШдагы шайлоого кийлигишкени үчүн дагы бир ирет сынга алды, ал эми расмий Москва ага жооп катары өзүнүн Вашингтондогу элчисин чакыртып алды.

АКШнын президенти Жо Байден АВС телеканалынын журналисти Жорж Стефанпулосго берген интервьюсунда Орусиянын президенти Владимир Путин менен быйыл январда телефондон сүйлөшкөндө, эгерде АКШдагы шайлоого орусиялыктардын кийлигишүүсү аныкталса, анын кесепети оор болоорун эскерткенин айтты:

«Ал анын кунун төлөйт. Биз көпкө сүйлөшкөнбүз. «Мен сизди жакшы билем, сиз мени жакшы билесиз, эгер ал тастыкталса, анда даяр тур» дегем».

«Сиз Владимир Путинди жакшы билет экенсиз, сиз аны киши өлтүргүч деп ойлойсузбу?» деген журналисттин суроосуна Байден «ооба» деп жооп берди.

Ошондой эле Ак Үйдүн жаңы кожоюну Путиндин бийлиги америкалыктардын тандоосуна кийлигишкени үчүн «жакын арада эсептешээрин» баса белгиледи.

Буга Кремль комментарий бере элек. Расмий чиновниктерден Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин «алсыздыктан чыккан долулук» деп телеграм-каналында жооп берди.

Ал эми Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Вашингтондогу орус элчиси Анатолий Антонов Москвага чакыртылганын маалымдады.

Кошмо Штаттардын Улуттук чалгын кызматы 16-мартта ачыктаган 15 барак отчётто Орусия менен Иран былтыр АКШда президенттик шайлоонун жүрүшүндө коомдук пикирди бурмалап, жалган маалыматтарды таратып, шайлоочулардын тандоосуна таасир этүүгө аракет кылганы баяндалат.

«Бир катар орусиялык мамлекеттик уюмдар мурунку президент Дональд Трампты жактап, ал эми Жо Байденди жана Демократиялык партияны каралоого, шайлоо жараянына ишенимди төмөндөтүүгө жана Кошмо Штаттардагы саясий-социалдык пикир келишпестиктерди курчутууга багытталган атайын операцияларды жүргүзүшкөн. Мындай операциялар Орусия президенти Владимир Путиндин тапшырмасы менен жүргүзүлгөн деп эсептейбиз», деп жазылат документте.

Кремль АКШнын Чалгын кызматынын баяндамасын четке кагып, Орусияга тагылган айыптарды «далилдөөгө мүмкүн эместигин» айтып чыккан.

Алгач Орусиянын Вашингтондогу элчилиги бул айыптоолорду «дагы бир негизсиз дооматтардын бири» деп мүнөздөп, «Кошмо Штаттар өз көйгөйлөрүнө башкаларды айыптап, Орусиянын негативдүү образын түзүүгө аракет кылып жатат» деген билдирүү жасады.

Кийин Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Вашингтондо Москванын шайлоого кийлигишүүсү тууралуу кеп-cөздөр Орусияга жаңы санкцияларды киргизүү үчүн гана колдонулуп жатканын болжолдоду. Ал эки өлкө ортосундагы алаканы «оорукчан/араңжан» деп атап, орус бийлиги жаңы санкцияларды тосуп алууга даярданып жатканын кошумчалаган.

Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

«CNN», «Reuters» сыяктуу маалымат каражаттары америкалык чалгын кызматы докладын жарыялангандан кийин Ак Үйдөгү булактарына таянып, Орусиянын президенттик шайлоого кийлигишүүсү жана орусиялык хакерлердин америкалык серверлерге киберчабуулдарына байланыштуу келерки жумада Вашингтон Москвага жаңы санкция салаарын жазышкан.

Ага чейин эле – Байдендин ABC телеканалына маеги чыккан кезде АКШнын Соода министрлиги оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный менен Сергей Скрипалдын нервди шал кылуучу химиялык заттар менен ууландырылышына байланыштуу Орусияга каршы жаңы экспорттук санкцияларды киргизгени маалымдалды.

Ага ылайык 18-марттан тарта улуттук коопсуздукка байланыштуу бардык товар, технология, жабдык жана программалык камсыздоонун АКШдан Орусияга экспортуна жана реэкспортуна чектөө киргизилет. Бул санкциялардан биринчи кезекте Орусиянын авиациялык жана космостук тармагы жабыркайт.

Марттын башында эле АКШ Навальныйдын окуясы боюнча биологиялык жана химиялык өндүрүшкө тиешеси бар делген 14 орусиялык уюмга, анын ичинде 9 коммерциялык ишканага экспорттук чектөөлөрдү киргизген.

Андан мурдаарак Вашингтондун «кара тизмесине» Орусиянын жогорку даражалуу жети аткаминери - Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников, президент Владимир Путиндин администрация жетекчисинин орун басары Сергей Кириенко, коргоо министринин орун басары Алексей Криворучко, башкы прокурор Игорь Краснов, Федералдык жаза аткаруу кызматынын директору Александр Калашников жана башкалар илинген.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG