Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

АКШ чалгыны: 2020-жылдагы шайлоого Орусия жана Иран таасир этүүгө аракет кылган


Орусия жана Иран дезинформация аркылуу АКШдагы 2020-жылдагы президенттик шайлоонун жүрүшүнө таасир этүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Улуттук чалгын директорунун кеңсеси тараткан докладда айтылат. Анда чет өлкөлөр бюллетень жана добуштарды саноого сыяктуу операцияларга кийлигишкени жөнүндө сөз жок. Бирок орус президенти Владимир Путинди тапшырмасы менен орусиялык мамлекеттик уюмдар Демократиялык партиядан талапкер Жо Байдендин каралоо жана Дональд Трампты колдоого багытталган кампанияларды жүргүзгөнү баяндалган.

Бул операция Кошмо Штаттардагы саясий-социалдык пикир келишпестиктерди курчутууга жана шайлоо жараянына ишенимди төмөндөтүүгө багытталганы америкалык чалгын кызматынын докладында көрсөтүлгөн.

2016-жылдагы шайлоодон айырмаланып Орусиянын АКШнын шайлоо системасына киберчабуулдары байкалган эмес. Анын ордуна Москва АКШдагы коомдук пикирди өзгөртүүнүн үстүнөн иштегенин америкалык чалгын кызматы аныктаган. Ошол эле Кошмо Штаттардагы шайлоо учурунда Иран да добуш берүүгө таасир этүү үчүн “ар тараптуу көмүскө кампания жүргүзгөнү байкалган. Тегерандын аракети Трамптын кайра шайланышына каршы багытталып, бирок Байденди да жактаган эмес.

Баяндамада Ирандын максаты АКШдагы шайлоо жараянына ишенимди төмөндөтүү болгонун кошумчаланган.

АКШда президенттик шайлоо 2020-жылдын ноябрында өткөн. Анын жыйынтыгында Демократиялык партиянын талапкери Жо Байден жеңишке жетишкен.

XS
SM
MD
LG