Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Орусия: "Муниципалдык депутаттар" убактылуу кармалды


Оппозициячыл жыйындын кармалып бара жаткан катышуучулары полициянын унаасында. Алардын арасында Карелиянын Петрозаводск шаарынан келген саясатчы да бар. Москва. 2021-жылдын 13-марты.
Оппозициячыл жыйындын кармалып бара жаткан катышуучулары полициянын унаасында. Алардын арасында Карелиянын Петрозаводск шаарынан келген саясатчы да бар. Москва. 2021-жылдын 13-марты.

Орусия полициясы Москвада ишембиде (13-мартта) өткөрүлө баштаган оппозициячыл иш-чарага катышкан 200гө жакын кишини кармап кетти. Орус бийлиги кармалгандар "жарамсыз уюмдар" менен кызматташкан деп түшүндүрдү. Бул убактылуу кармоону АКШ бийлиги айыптап чыкты.

Виктор Вишневецкий - Орусиянын түндүк-чыгышындагы Коми Республикасынын борбору Сыктывкар шаарында мунипипалдык депутат.

Ал Москвадагы 13-марттагы жыйынга экологиялык активист жана журналист катары катышып, өзү жашаган шаардын көйгөйлөрүн көтөрүүнү көздөгөн. Бирок өз пикирлештери менен жайбаракат отуруп, аймактагы маселелерди кеңири талкуулоого ага мүмкүн болгон жок.

Вишневецкий соңку кырдаалды мындайча сыпаттады:

Форумда экологиялык маселелер боюнча ой бөлүшүп, аймактагы көйгөйлөрдү көтөрүүнү пландаган элем. Жыйынтыкта бул тууралуу форумдун аянтчасында эмес, автозакта, андан кийин полиция бөлүмчөсүндө талкуулоого туура келди”.

Сыктывкарлык депутат Виктор Вишневецкий саясий шериненин башка катышуучулары менен полиция бөлүмчөсүндө. Москва. 2021-жылдын 13-марты.
Сыктывкарлык депутат Виктор Вишневецкий саясий шериненин башка катышуучулары менен полиция бөлүмчөсүндө. Москва. 2021-жылдын 13-марты.

13-мартта Вишневецкий сыяктуу Москвадагы "Муниципалдык Орусия" деп аталган тынч саясий шеринеге өлкөнүн 50дөн ашуун аймагынан келген муниципалдык депутаттар, демилгелүү саясатчылар жана журналисттер чогулган.

Алар “Измайлово” мейманканасына быйыл сентябрда өтө турган парламенттик жана жергиликтүү шайлоолор тууралуу эркин талкуу кылууну көздөшкөн. Бирок бул жыйынды полиция үзгүлтүккө учуратты.

Жыйын башталгандан көп өтпөй эле полиция кызматкерлери имараттын жыйын залына чабуул коюшту. Жыйынды таратуу үчүн күч кызматкерлерин баштап келген полициячы:

Чогулган жарандар! Силердин иш-чара аяктады. Орусиядагы “жарамсыз” деп таанылган чет элдик же эл аралык бейөкмөт уюмдун ишмердик жүргүзүүсү фактысы боюнча бардыгыңар кармаласыңар жана ыкчам материалдарды толтуруш үчүн аймактык бөлүмчөгө жеткирилесиңер”, - деп жарыялады.

Кийинчерээк Орусиянын Ички иштер министрлиги 200дөй киши кармалганын кабарлады. Көз карандысыз булактар 194 киши кармалганын айтууда.

Шериненин катышуучулары жана байкоочулар иш-чарага катышкандардын бардыгы, анын ичинде бир нече журналист да убактылуу кармалганын айтышты.

Саясий демонстранттардын жана активисттердин кармалышын көзөмөлдөгөн “ОВД-Инфонун” билдиргенине караганда, кармалгандардын көпчүлүгү ишембиде кечке жуук бошотулган, бирок аларга кийинчерээк "кара тизмедеги уюмдун" ишине катышкан деген доо боюнча соттук териштирүүгө келүүгө буйрук берилген.

Кармалгандардын арасында Екатеринбургдун мурдагы мэри Евгений Ройзман, саясатчылар Илья Яшин, Владимир Кара-Мурза, Юлия Галямина, “Ачык Орусия” долбоорунун координатору Андрей Пивоваров сыяктуу орус бийлигинин жигердүү сынчылары болду.

Полиция кызматкерлери Илья Яшинди күч менен кармады
Полиция кызматкерлери Илья Яшинди күч менен кармады

Пивоваров акыркы кармоолорду бийликтин быйыл күзүндөгү парламенттик шайлоолор алдында оппозициячыл күчтөрдү коркутуусу катары баалады:

“Булар көпчүлүк алдында күчүн көрсөткүсү келди. Эгер полиция иш-чараны үзгүлтүккө учураткысы келсе, иш-чара өтчү имараттын ээсине басым жасап, ижарага берүүдөн баш тарттырмак. Бирок иш-чаранын башында бир да полиция кызматкери жок болчу. Ошондуктан, бийликтин башкы максаты - 56 аймакка, 200дөн ашык адамга күчүн көрсөтүп, аларды коркуткусу келди”.

Полиция болсо кармалгандар коронавируска байланыштуу санитардык эрежелерди сактабаганын жана бул иш-чараны уюштуруучулардын "жагымсыз уюм" катары “кара тизмеге” кирген бирикме менен байланышы болгонун маалымдады.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө "Көпчүлүк катышуучуларда (коронавируска каршы) жеке коргонуу каражаттары жок болчу. Катышуучулардын катарында Орусиянын аймагында ишмердүүлүгү жарамсыз деп эсептелген уюмдун мүчөлөрү да болду", – деп айтылат.

Орусиянын 50дөн ашуун чөлкөмдөрүнөн келген активисттердин иш-чарасын “Бириккен демократтар” долбоору уюштурган. Бул уюм болсо "жарамсыз" делген уюмдардын тизмесине кошулган эмес болчу.

“Бириккен демократтар” долбоорун мурдагы мунай магнаты жана Кремлдин сынчысы, бозгундагы Михаил Ходорковский колдоп келет. Анын "Ачык Орусия" кыймылы болсо 2017-жылдан бери "жарамсыз уюм" деп табылып келет.

Ходорковский «Дождь» каналындагы маегинде Кремль орус оппозициясынын биригип, жаңы партияны түзүшүнөн чочулуп жатат деген пикирин билдирди:

Михаил Ходорковский
Михаил Ходорковский

«Кремль жаңы партия түзүлүп жатат, ал саясий күч «колунан эч нерсе келбеген» Мамлекеттик думанын «бактысыз шайлоосуна» катышат деп кабыл алды окшойт. Бул иш-чара бийликти ушунчалык коркутту, ошондуктан форумду кууп таркатууну чечишти.

Орусиядагы муниципалдык бийликтердин бир катар депутаттарынын форумун таркатуу менен байланыштуу окуяны 14-мартта АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен сынга алып, бийликти "көз карандысыз үндөрдү куугунтуктоону токтотууга" чакырды.

Москвадагы соңку окуяны АКШ Сенатынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Боб Менендес да айыптап, кармоолорду “күчтүн эмес, алсыздыктын белгиси” деп атады.

Орусияда 2015-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, бир нече уюмдун ишмердиги "жарамсыз" деп табылган, алар менен кызматташкандар административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бийликтин сынчылары бул мыйзам өз пикирин, өкмөттүн туура эмес иштерин көрсөткөндөрдү көзөмөлдөө максатын көздөөрүн айтып келишет.

Муниципалдык депутаттардын форумун үзгүлтүккө учуратып, жүздөгөн кишилерди убактылуу кармоо Орусияда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный камалып, бир нече жолу нааразылык чаралары өткөн учурга туш келди.

Быйыл январда Навальный камакка алынган соң, эки апта катары менен өлкөнүн бир катар аймактарында ар кыл нааразылык жыйындары өткөн эле. Мына ушундан бери Кремль оппозициячыл күчтөргө карата басымын андан ары күчөттү.

Учурда абакта отурган Алексей Навальныйдын тобу да акыркы окуяны сентябрдагы парламенттик шайлоого байланыштырды.

Оппозициячыл топтор бийликчил “Бирдиктүү Орусиянын” кадыр-баркы түшүп кеткенин белгилеп, мындан ары “шайлоодогу бурмалоолорго карабай Кремлди колдогон күчтөр мурдагыдай добуш ала албай турганына чочулап жатат" деп болжолдошууда.

Алексей Навальный соңку жылдары үзөңгүлөштөрү менен "Акылдуу добуш берүү" деген долбоорду ишке ашыра баштаган. Анын алкагында оппозициячыл партиялар бийликчил “Бирдиктүү Орусия” партиясынын талапкерине каршы ынтымак менен туруп, бирдиктүү оппозициячыл талапкерди колдоого алып келет.

2019-жылы “Акылдуу добуш берүү” долбоорунун таасири менен оппозициячыл талапкерлер Москва шаардык кеңешиндеги 45 орундун 20сына шайланууга жетишкен.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG