Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Орусия "Твиттерге" каршы чара көрө баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия өз аймагында “Твиттер” социалдык тармагынын ылдамдыгын жайлата баштады. “Твиттер” компаниясы мыйзам бузганын четке кагып, Орусиядагы соңку чечимдерге тынчсыздануусун билдирди.

Орусиянын байланыш, маалымат технологиялар тармагын тескеген Роскомнадзор кызматы "Твиттердин” ылдамдыгын азайтуу 10-мартта башталганын жарыялады. Мекеменин жетекчисинин орун басары Вадим Субботин өлкөнүн аймагында бул операцияны ишке ашырууга техникалык мүмкүнчүлүк бар экенин жана ал колдонула баштаганын билдирди.

Роскомнадзор муну менен “орус жарандарын жана интернет кызматын Орусия Федерациясынын аймагында мыйзамдарды аткартууну” көздөгөнүн түшүндүрдү.

Москванын жүйөсүндө, “Твиттер" "2017-жылдан бери жашы жетелектерди өз жанын кыюуга азгырган, балдардын порнографиясы камтылган, маңзаттарын колдонуу тууралуу маалыматтарды өз платформасынан өчүргөн эмес”. Атүгүл 10-мартка карата расмий статистика таратылып, социалдык тармакта 3100дөн ашык тыюу салынган билдирүү бар экени кабарланды.

Ал эми интернетке мониторинг кылган Netblocks Орусиядагы "Твиттердин" ылдамдыгы жайлаганы байкалганын билдирди.

Роскомнадзор "Твиттер" корпорациясы мыйзамга баш ийбесе, мындан ары да катуу чаралар көрүлүп, блоктоп салганга чейин барышарын эскертти.

Орусиянын социалдык тармакты чектөө аракети өлкөдө оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный камалып, бир нече жолу нааразылык акциялары өткөн учурга туш келди.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "өкмөттүн кайсы бир нерсеге тыюу салуу каалоосу жок экенин, бирок бийлик мыйзамдын аткарылышын камсыз кылышы керектигин" айтты:

Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

“Албетте, орусиялыктарда бардык дүйнөлүк маалымат булактарына мүмкүнчүлүгү болушу керек. Бул негизги максат. Бирок бул ресурстар мыйзамга ылайык иш алып барышын, мыйзамды аткарышын көзөмөлдөөчү да функциялар бар. Ошондуктан, кайсы бир нерсени блоктоо каалоосу деле жок, бирок аталган компаниялардан биздин мыйзамды аткарышын талап кылууга негиз бар деп ойлойм”.

Орус бийлигинин мындай кадамына “Твиттер” компаниясы камтамачылыгын билдирди. Компания мыйзамга каршы келген аракеттерди пропаганда кылбаганын белгилеп, “Биз дүйнөдөгү ачык интернетти коргоонун тарапташыбыз жана блоктоо аракеттери күчөп жатканына, түйүндөгү коомдук диалогду басаңдатуу аракетине терең тынчсызданабыз”,-деген билдирүү таратты.

Роскомнадзор "Твиттердин" ылдамдыгын жайлатканын жарыялаган күнү Орусияда Кремлдин расмий сайты баш болгон бир нече мамлекеттик органдын сайттары ачылбай калды. Расмий органдар муну "Твиттерге" чектөө менен эч байланышы жок деп түшүндүрүштү.

Орусиядагы “Интернетти коргоо коому” көз карандысыз уюмунун жетекчиси Михаил Климарев Москванын соңку чектөөсүн эл аралык коомчулук кандай кабыл алары маанилүү деген пикирде:

“Биринчи вариант - эл аралык коомчулук буга маани бербей коюшу мүмкүн. Бирок кандайдыр бир билдирүүлөрдү жасап, өз пикирин айтат деген ойдомун. Анткени, азыр "Твиттер" болсо эртең Facebook, анан Google, Youtube болушу мүмкүн. Бул шантаж жана коркутуу экени түшүнүктүү. Нормалдуу адамдар мындай шантажга адекваттуу түрдө жооп кайтарып, эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурат деп ойлойм”.

Чынында эле Роскомнадзордүн өкүлдөрү эгер орус мыйзамдарын сактабаса "Фейсбук" сыяктуу башка социалдык тармактарга да чаралар көрүлөрүн эскертти. 5-мартта бул мекеме Facebook, Instagram, Twitter, TikTok, «ВКонтакте», «Одноклассники», Telegram, YouTube социалдык платформаларына административдик мыйзам бузуулар тууралуу протоколдор түзүлгөнүн билдирген болчу.

Соңку жылдары Москва социалдык тармактарга көзөмөлдү күчөтүүгө басым жасап келет. Мындай аракетти эксперттер Орусияда мамлекеттик телевидениени көрбөй, социалдык түйүндөрдө отурган жаштардын нааразылык маанайы күчөп жатканы менен түшүндүрүшөт.

Быйыл жыл башында орус бийлигинин өкүлдөрү интернет компанияларды Орусиянын ички ишине кийлигишип жатат деп айыптап чыккан. Буга социалдык тармактар оппозиционер Алексей Навальныйдын колдоо митингине катышкан билдирүүлөрдү өчүрүүдөн баш тартканы себеп болгон.

Ага чейин орус өкмөтү социалдык түйүндөргө көзөмөлдү күчөтүп, орусиялык колдонуучулар тууралуу маалыматтарды өлкө ичиндеги серверлерге сактоону талап кылган. Бул талапты сактабаганы үчүн "Твиттерге" жана "Фейсбукка" айып салынган.

Ал эми өткөн айдын соңунда Роскомнадзор "Твиттерден" Орусия менен байланышы бар жүздөй аккаунтту эмне себептен өчүргөнү үчүн түшүндүрмө талап кылган. Социалдык тармак болсо бул колдонуучулар НАТО жана анын өнөктөштөрүнө каршы бир тараптуу, негизсиз каралоо жүргүзгөнү менен түшүндүргөн. Ал эми 1-февралда болсо социалдык тармактарды Орусияда тыюу салынган мазмундагы билдирүүлөрдү өчүрүүгө милдеттендирген мыйзам күчүнө кирди. Бул мыйзамга ылайык, социалдык түйүн билдирүүлөрдө тыюу салынган контент бар же жок экенин аныктай албаса экспертиза жүргүзүү үчүн Роскомнадзорго жөнөтүшү керек.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG