Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:16

Ходорковскийдин уюмунда тинтүү болду


Михаил Ходорковскийдин онлайн маалымат жыйыны, 9-декабрь, 2015-жыл.
Михаил Ходорковскийдин онлайн маалымат жыйыны, 9-декабрь, 2015-жыл.

Москвада куралчан полиция тобу бозгундагы саясатчы Михаил Ходорковский негиздеген “Ачык Орусия” уюмунун кеңсесине жана кызматкерлердин батирлерине тинтүү жүргүздү.

Тергөө комитети бул тинтүү Ходорковскийге жакында козголгон “ЮКОСко” байланыштуу кылмыш ишине байланыштуу чыккандыгын белгилеген. Михаил Ходорковский өзү муну күтүлгөн басмырлоо катары кабыл алды.

22-декабрда эртең менен тергөөчүлөр куралчан полициянын коштоосунда Москвадагы жана Санкт-Петербургдагы “Ачык Орусия” долбоорунда иштегендердин үйлөрүн тинтүүгө алды.

Тергөөчүлөр ноутбук, планшеттен баштап, кызматкерлердин күндөлүк дептерлерине чейин чыгарып алышкан. Ошондой эле тергөөчүлөр бул уюмдун Москвадагы кеңсесин тинтип, документтерди жана электрондук түзүлүштөрдү тартып алышкан.

“Ачык Орусия” уюмунун координатору Мария Баронова бул тинтүүнү Орусиянын тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин тууралуу эки жума мурун испаниялык прокурорлордун айыптоосуна таянып жарыяланган макала үчүн өч алуу катары баалады.

- Тинтүүлөр биздин адамдар кайсы жерде каттоодо турса, ошол жерлерде гана жүргүзүлбөстөн, алардын чоң энелерине таандык үйлөрдө же алар ижарага алган батирлерде да жүргөн. Бул жерде сурак иштери менен ошол ижара берген үй ээлерин да коркутуп-үркүткөн учурлар болду. Бирок үй ээлеринин “Ачык Орусия” долбооруна деги эле тиешеси жок болчу. Биз бул тинтүүлөрдүн түпкү максаты мындан эки жума мурун жарыяланган материал үчүн өч алуу жана коркутуу актысы болду, деп айта алабыз.

ЮКОСтун мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковский мындай болору башынан эле күтүлүп жатканын айтып, кысымга карабастан бул долбоор Орусияда кала берерин ырастады.

Учурда чет өлкөдө жашаган Ходорковский 9-декабрда өлкөдө Конституцияга каршы төңкөрүш болгонун белгилеп, Орусияда ыңкылап болуш ыктымалдыгын билдирген. Ошондон кийин ага 1998-жылы киши колдуу болгон Нефтеюганск шаарынын мэри Владимир Петуховдун өлүмүнө шектүү деген айып сыртынан коюлган.

Тергөө комитетинин өкүлү Владимир Маркин бул жолку тергөө амалдары 2003-жылы козголгон ЮКОСко байланыштуу иштин негизинде жүргөнүн жүйө келтирүүдө. Анда топ-менеджерлер Ходорковский менен Платон Лебедев мамлекетке 280 миллион доллар зыян келтирген деп шектелген.

Он жыл абакта отурган Михаил Ходорковскийге президент Владимир Путин Олимпиада оюндарынын алдында кечирим берген. Президент Путиндин маалымат катчысы Песков Ходорковскийге кечирим берилип жатканда анын мурдагы мэр Владимир Петуховдун өлүмүнө тиешеси бардыгы туурасында материалдар жок болчу деп жүйө келтирген. Бирок ошого карабастан талдоочулар Ходорковскийге козголгон кылмыш иштеринде саясий боёк бар экенин белгилешүүдө.

Бул жолку тинтүү иштеринин мыйзамдуулугу боюнча “Ачык Орусия” уюмунун адвокаты Сергей Бадамшин сотко даттанарын билдирген. Анткени адвокат бул иш кайра жанданган күндө деле анын мөөнөтү эбак эскиргенин айтты. Орусиянын бай адамдарынын бири, учурда президент Путиндин сынчысы Михаил Ходорковский бул тинтүү иштерин бийликтин боло келген басмырлоосу катары баалады. Ошондой эле үйлөрү тинтилген “Ачык Орусия” долбоорунда иштеген кызматкерлер ЮКОСко тиешеси жоктугун мисал келтирген саясатчы муну “акылсыздыктын акыркы стадиясы” деп атады.

“Ачык Орусия” уюму билим берүү долбоорлорун ишке ашырып, көз карандысыз маалымат каражаттарына жана саясий туткундардын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүп келген.

XS
SM
MD
LG