Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:37

КЭР: ШУАРдагы жергиликтүү элге жаңы кысым 


Шинжаң Уйгур автоном районунун борборундагы тирешүү маалында. Үрүмчү. 2009-жылдын 7-июлу.
Шинжаң Уйгур автоном районунун борборундагы тирешүү маалында. Үрүмчү. 2009-жылдын 7-июлу.

Германиялык окумуштуу Адриан Зенц менен Би-Би-Си кызматы Кытай бийлиги Шинжаң Уйгур автоном районундагы мусулмандарды үй-бүлөлөрүнөн ажыратып, башка аймактарга күчтөп ишке жөнөтүп жатканын баяндашты. Кодуланган жергиликтүү этностор тууралуу буга чейин да арбын маалымат жарыяланып келген.

Немис антропологу Адриан Зенцтин «Jamestown» аналитикалык борбору жарыялаган баяндамасында Кытайдын батышындагы Шинжаң Уйгур автоном районунда (ШУАР) бийликтер улуттук азчылыктардын үй-бүлөлөрүн бөлүп, алардын өкүлдөрүн ичкерки Кытайдагы ар башка жактарга мажбурлап көчүрүп жатканы айтылат.

Кытай бийлиги муну «жакырчылык менен күрөш» мамлекеттик программасы менен негиздеген. Расмий Бээжин уйгурлар жана башка казак, кыргыз сыяктуу аз сандагы этностор кармалган лагерлерди да «элди агартуучу, тарбиялоочу борборлор» деп атап, шинжаңдыктар ал жактарда коомго интеграция болууну үйрөнүп жатышканын, бул ыкма менен экстремизмге жана террорчулукка каршы күрөш жүрүп жатканын айтып келет.

ШУАРдагы этностук азчылыктардын абалын изилдеген Зенц бул программанын алкагында бир жарым миллиондой адам эмгек миграциясынын алкагында башка аймактарга мажбурлап көчүрүлгөнү турганын белгилейт.

Кытайда «Шинжаңдын Хотан аймагында жакырчылыкты кыскартуу максатында уйгур жумушчу күчүн көчүрүү» боюнча баяндама былтыр жыл ортосунда жарыкка чыккан. Ал Нанькай университетинин экономика институту тарабынан даярдалган.

Заватхан Турсун аттуу казак аял Кытайдын ШУАРында абакта жаткан уулу Баймурат Наврузбек уулунун бошотулушун талап кылып, кытайлык консулдуктун кеңсесинин маңдайына пикетке чыкты. Алматы шаары, Казакстан. 2021-жылдын 26-февралы.
Заватхан Турсун аттуу казак аял Кытайдын ШУАРында абакта жаткан уулу Баймурат Наврузбек уулунун бошотулушун талап кылып, кытайлык консулдуктун кеңсесинин маңдайына пикетке чыкты. Алматы шаары, Казакстан. 2021-жылдын 26-февралы.

Антрополог Зенц бул документ мурда англис тилине которулбагандыгын белгилеп, анда Шинжаңдагы этностук азчылыктарды башка жакка көчүрүүнүн анык максаты ачык көрсөтүлгөнүнө токтолот.

«Нанькай баяндамасы жумушчу күчтүү көчүрүү программасынын жашыруун максатын ачыктайт. Башкы максат – жакырчылыкты кыскартуу, же экономикалык өнүгүү эмес», - деп жазат Зенц.

Ал бул баяндамада «Шинжаңдагы жумушка жарамдуу адамдарды башка аймактарга таратып жиберүү - уйгур калкынын жыштыгын азайтып, ассимиляцияны тездетет» деп даана жазылганына көңүл бурат. Ошондой эле анда бул программаны «эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурбай, тымызын» ишке ашыруунун зарылдыгы белгиленгенин да изилдөөчү баса айтат.

Мындан тышкары Кытайда «эмгек миграциясы - уйгур коомуна жик салуунун жана диний ишенимдерди алсыратуунун башкы жолу» катары көрсөтүлгөн бир катар илимий макалалар жарык көргөн.

Зенц буга 2017-жылы жарыяланган баяндаманы мисал келтирип, анда «Шинжаң аймагында үй-бүлө курууга карата Бээжиндин жумшак саясаты жумушчу күчтүн көбөйүшүнө алып барып, режимге карата жашыруун коркунуч жаратты», - деп жазылганын кошумчалайт.

Зенц өз иликтөөлөрүнө таянып, Бээжин ШУАРдагы жүз миңдеген мусулман дыйкандары менен малчыларды мамлекеттик ишканаларга ишке жөнөтүп, 2022-жылы Шинжаңга 300 миңдей ханзуларды (кытай тегиндегилерди) ичкерки Кытайдан көчүрүп келүүгө камданып жатканын кабарлайт.

ШУАРдагы кыргыздар "өлөң бийин" бийлешүүдө. Ак-Тоо (Чыгыш Памир). Архив.
ШУАРдагы кыргыздар "өлөң бийин" бийлешүүдө. Ак-Тоо (Чыгыш Памир). Архив.

Би-Би-Си кызматы Нанькай баяндамасы менен Зенцтин иликтөөлөрүнөн тышкары 2017-жылы Кытайда телеканаларда көрсөтүлгөн берүүлөргө токтолот. Анда Шинжаңдан төрт жүз миң чакырым алыстыктагы ишканаларда жумуш орундары жарнамаланып, кытай аткаминерлери ШУАРда айылдарды кыдырып, адамдарды ишке чакырып жүргөнү көрсөтүлгөн.

«Кытай өкмөтү Шинжаңдагы демографиялык абалды өзгөртүүгө жасаган аракеттерин төгүндөп, эмгек миграциясы айыл жерлеринде жумушсуздукту кыскартып, киреше булактарын көбөйтүүгө багытталганын айтып келет. Бирок, биздин маалыматтар боюнча, мындай саясат Шинжаңдагы тарбиялоочу лагерлердей эле этностук азчылыктардын көз караш, ишенимдери, жашоо шартын өзгөртүү менен аларды ассимиляциялоого багытталган», — деп жазат «Би-Би-Си» кызматы.

"Куншан өнөр жай паркы" аталган жай сыртынан бекемделип, кайра тарбиялоо абак жайы катары колдонулууда. Артыш шаары, Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу, ШУАР, КЭР. 2018-жылдын 3-декабры.
"Куншан өнөр жай паркы" аталган жай сыртынан бекемделип, кайра тарбиялоо абак жайы катары колдонулууда. Артыш шаары, Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу, ШУАР, КЭР. 2018-жылдын 3-декабры.

Улуу Британиядагы Шеффилд Халлам университитетинин профессору, адам укуктары жана эмгек кулчулугу боюнча адис Лаура Мерфи Би-Би-Си корпорациясына ШУАРдагы саясат боюнча:

— Бээжин бул программалар ыктыярдуу негизде жүргүзүлүп жатканын көрсөтүүгө канчалык аракет кылбасын, бул - мажбурлоо экенин жана ал жактагы адамдардын буга моюн сунбоого эч кандай мүмкүнчүлүгү жоктугун гана тастыктайт», - деп белгилеген.

Немис антропологу Адриан Зенц ШУАРдагы жергиликтүү мусулмандарды чыгышка көчүрүү программасы 2000-жылдары башталганын, 2010-жылга чейин 2,2 миллиондон ашуун киши башка аймактарга көчүрүлгөнүн, алардын дээрлик 84 пайызы уйгур, казак, кыргыздардан турганын баса белгилейт.

2016-жылы Бээжиндин «жакырчылыктан чыгаруу» программасына ШУАРда 2,6 миллион киши кабылып, алардын 1,7 миллиондон ашууну көчүрүлгөн. 2019-жылы болсо ШУАРда «ашыкча жумушчу күч» катары тизмеге 2,6 миллион киши алынган.

«Жумушка жарамдуу адамдарды башка аймактарга көчүрүү, төрөттү кыскартуу жана тарбиялоочу лагерлер — Бээжиндин Шинжаңда маданий жана демографиялык геноцидди ишке ашыруучу долбоорунун ыкмалары», — деп антрополог Зенц өз баяндамасын жыйынтыктайт.

Башка адистердин айтымында, эгерде 2017-жылдын соңуна чейин ШУАРдан Кыргызстан, Казакстан сыяктуу постсоветтик борбордук азиялык өлкөлөргө ШУАРдын жергиликтүү калктарынын өкүлдөрү маданий, илимий, соода жана башка иштер менен байма-бай каттап турган болсо, эми Кытай бийлиги бул коңшу өлкөлөр менен ал түгүл телефон жана интернет байланыштарын да токтотуп салды.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG