Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:17

Евробиримдик Кытайды Шинжаңдагы абалды иликтөөгө уруксат берүүгө чакырды


Кытайдагы мусулман азчылыктарынын укуктарынын корголушун талап кылган митингде тартылган сүрөт.
Кытайдагы мусулман азчылыктарынын укуктарынын корголушун талап кылган митингде тартылган сүрөт.

23-февралда Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел Кытай бийликтерин Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча агенттигинин башчысы Мишел Бачелеттин Шинжаңга барып, мусулман азчылыктарынын басмырланышы тууралуу маалыматтарды жеринде иликтөөсүнө уруксат берүүгө чакырды.

Бул тууралуу Боррелл Женевадагы Адам укуктары боюнча кеңеште сүйлөп жатып, айтты. Андан мурда 22-февралдаКытайдын тышкы иштер министри Ваң И ошол эле кеңеште сүйлөп жатып Шинжаңдагы мусулман азчылыктарынын эркиндиги жана эмгек укуктары корголорун айтып, Бээжиндин аларга карата мамилесин адам укуктары жаатындагы "жаркын мисал" катары баалаган.

Кытайдын Шинжаң аймагында бери дегенде бир миллиондой киши, басымдуу көпчүлүгү уйгурлар «саясий-тарбиялоочу лагерлерде» азап тартып жатышкандыгын эл аралык уюмдар айтып келишет. Бээжин мындай дооматтарды четке кагып, ал жайларды «кесиптик билимге үйрөтүүчү борборлор» катары сыпаттайт.

XS
SM
MD
LG