Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

АКШ Кытай боюнча аскердик стратегиясын карап чыгат


АКШ президенти Жо Байден (ошол кезде вице-президент) Кытайдын лидери Си Цзинпин менен. 2013-жыл
АКШ президенти Жо Байден (ошол кезде вице-президент) Кытайдын лидери Си Цзинпин менен. 2013-жыл

АКШ президенти Жо Байден 10-февралда Пентагон Кытайга карата стратегиясын кайра карап чыгарын билдирди. Ушул эле күнү Байден Кытай лидери Си Цзинпин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

АКШ президенти Жо Байден Коргоо министрлигине Кытайга карата аскердик стратегиясын карап чыгууну тапшырды.

10-февралда Пентагондо сүйлөп жатып Байден «Индия-Тынч океан чөлкөмүндө жана дүйнөлүк масштабда тынчтыкты жана Американын кызыкчылыктарын коргоо үчүн Кытай тараптан күчөп бараткан коркунучтарга жооп берүү зарыл», -деп билдирди.

Коргоо министри Ллойд Остин Кытайга карата аскердик стратегияны карап чыгуу үчүн атайын топ түзүлөрүн Байденге айтты. Остиндин айтымында, бул жумушчу топ төрт ай ичинде департаменттеги жарандык жана аскердик эксперттерге таянып ыкчам иштеп, негизги приоритеттер боюнча сунуштарды беришет.

Байдендин пикиринде, Пентагондун иштеп чыккан сунушун саясий партиялар, өнөктөштөр колдоого алууга тийиш.

«Мындай жол менен биз алдыдагы атаандашууларда америкалыктардын жеңишин камсыздайбыз»,-деди ал.

АКШ менен Кытай бир катар маселелерде, анын ичинде соода-сатык, адам укуктары жаатында, Бээжиндин Түштүк-Кытай деңизиндеги аскердик аракеттерине байланыштуу орток пикир таба албай келишет.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин.
АКШнын коргоо министри Ллойд Остин.

Ушул эле күнү АКШ президенти Жо Байден кызматка киришкени алгачкы жолу Кытайдын лидери Си Цзинпин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

«Президент Байден Бээжиндин адилетсиз экономикалык тажрыйбасы, Гонконгдогу куугунтук, Шинжаңдагы адам укуктарын бузуу жана Тайванга карата жасалган мамилеге тынчсызданууларын баса белгиледи»,-деп жазылат Ак үй 10-февралда тараткан билдирүүдө.

Эки ири мамлекеттин ортосундагы алака экономикалык, саясий жана адам укуктары жаатындагы маселелерден улам курчуп кеткен. 20-январда кызматын тапшырган АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Кытайды пандемия үчүн айыптап, ырасмий Бээжин менен өткөн жаздан бери сүйлөшкөн эмес.

Ак үйдүн билдирүүсүндө Жо Байден менен Си Цзинпин пандемияны жана «саламаттык сактоо, климаттын өзгөрүүсү, курал-жабдыкты жайылтпоо жаатындагы жалпы глобалдык маселелерди» сүйлөшкөнү жазылат.

Кытайдын мамлекеттик телеканалы болсо сүйлөшүүнүн башка тарабын чагылдырды. Ободо кеткен маалыматта Си Цзинпин телефондук сүйлөшүүдө Кошмо Штаттарды Кытайдын аймактык бүтүндүгүнө, ошондой эле Тайвань, Гонконг жана Шинжаң маселелерине кийлигишүүдөн сак болууга чакырганы айтылат. Ошондой эле Цзинпин эки мамлекет ортосунда пикир келишпестиктер бар экенин, бирок аларды чечсе болорун айтканы кабарланды.

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын маалында Вашингтон менен Бээжиндин алакасы курчуп кеткен. Трамп Кытай бийлигин коронавирус тууралуу маалыматтарды убагында бөлүшкөн эмес деп күнөөлөп, кызматтан кеткиче илдетти «кытай вирусу» деп атап келген.

Ошондой эле Трамптын администрациясы Кытайдын Коммунисттик партиясы Шинжаңда адамзатка, өзгөчө мусулмандарга каршы кылмышка барганын билдирип, кытай аткаминерлерине жана компанияларга санкцияларды киргизген.

Кытай да буга жооп кайтарып, Трамптын убагында жогорку даражалуу кызматтарды ээлеп келген 30дай аткаминерге санкция салды. Арасында мурдагы мамлекеттик катчы Майк Помпео да бар.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде кеминде бир миллионго чукул мусулмандар, басымдуу көпчүлүгү уйгурлар аймактагы «тарбиялоочу борборлордо» кармалып турат. Кытай бул дооматтарды четке кагып, ал жайларды "ислам радикализмине каршы турууга багытталган билим борборлору" катары сыпаттайт.

XS
SM
MD
LG