Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:22

ШКУнун Борбор Азияда АКШ менен тиреши


ШКУнун Бишкектеги саммити, 2019-жыл (иллюстрациялык сүрөт)
ШКУнун Бишкектеги саммити, 2019-жыл (иллюстрациялык сүрөт)

ШКУнун АКШ менен атаандаштыгы

«Asiatimes» онлайн басылмасы 3-декабрда «ШКУнун Борбор Азияда АКШ менен тиреши» деген макаласын чыгарды. Анда «жылдар бою Шанхай Кызматташтык Уюму ири жана чакан державалар ортосундагы геосаясий интригалардын чордону болуп келди» деп айтылат.

Автор МК Бхадракумар Орусиянын президенти Владимир Путин азыркыга чейин АКШнын шайланган президенти Жо Байденди куттуктай электигин белгилеп, 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттардан кийин ошол маалдагы АКШнын лидери Жорж Бушка чет элдик жетекчилерден биринчи болуп көңүл айтканын эске салат. Автордун пикиринде, ошондо орус президенти Путин Буш өч алууга буйрук берерин, негизги окуялар Ооганстандын айланасында өнүгөрүн сезип, «тарыхтын туура тарабында болууну» чечкен.

«Путин өзү борбор азиялык лидерлер менен байланышып, аймактагы базаларды Пентагондун операциялары үчүн пайдаланууга берүү маселесин талкуулаган», деп улантат автор.

Вашингтон Москваны ал согушка катыштырбай койгонун баяндаган аналитик ортодогу ишенимдин азайышына америкалык аскерлердин Иракка киргизилиши, постсоветтик аймактагы, анын ичинде Кыргызстандагы түстүү революциялар салым кошконун баяндайт.

Андан ары автор 2005-жылы Казакстан ШКУнун Алматыдагы саммитинде АКШны Борбор Азиядагы базаларды чыгаруу мөөнөтүн так атоого үндөгөнүн эске салат. Орусия менен Кытай ал чакырык жамааттык чечимди чагылдырарын ачык айтпаганы менен, үч күндөн кийин эле Орусиянын парламенти Кыргызстандагы Кант авиабазасы боюнча 15 жылдык келишимди жактырганын баяндаган автор уюмдун 2005-жылдагы декларациясы Москва менен Бээжин Вашингтондун Борбор Азиядагы аскерлерин кармоого каршы алгачкы кадамы болгон деп улантат.

ШКУ адегенде АКШнын Ооганстанга куралдуу күчтөрүн киргизүүсүн колдосо, кийин анын артында чындап эле терроризм менен күрөш турабы дем күмөн санай баштаганы да макалада белгиленет.

Ал ортодо Кытай Борбор Азияда экономикалык таасирин арттырууга киришкени, АКШнын региондогу үстөмдүгү Шинжаңда этникалык чыр-чатактарга алып келиши ыктымал деп чочулаганы айтылган. Андан ары америкалык базалардын аймактан чыгарылышына токтолуп, автор Москва менен Бээжин ШКУну Батышка каршы аракеттенген «Чыгыштын НАТОсу» кылып көргөзүүдөн оолак болуп, уюм ачык регионалдык форум экенин ишарат кылганын жазат.

Орусиянын таасирин азайтчу темир жол

«The Central Asia Caucasus Analyst» басылмасына талдоочу Эмил Адвалиалинин Кытайдын Кыргызстан аркылуу өтчү темир жол курулушуна байланыштуу макаласы жарык көрдү. Анда автор долбоордун аймактагы маанисин, айрыкча Орусиянын Борбор Азия чөлкөмүндөгү таасирин азайтуунун күчүн талдаган.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга байланыштуу сүйлөшүүлөр ондогон жылдардан бери уланууда. Кыргызстандан өтчү бул каттам үчүн деңиз деңгээлинен дээрлик 3 миң метр бийиктиктеги тоолорго 50 туннель, 100дөн ашуун көпүрө салынышы керек. 2012-жылы долбоордун чыгымы 2,5-3 миллиард доллар деп эсептелгени менен жыл өткөн сайын бул сумма көбөйүп жатат. Ташкентке жетчү темир жол андан ары Кытай товарларын Грузиянын, Азербайжандын Европа менен байланыштырчу деңиз портторуна алып барат.

Жол куруудан Бээжин бийлиги пайда тапканы менен ансыз да сырткы карызынын басымдуу бөлүгү Кытайга туура келген Кыргызстан кандай киреше көрө алат?» - деп собол салып, темир жол курулуп ишке кирсе, Орусиянын аймактагы таасири солгундай түшөрүн божомолдойт.

«Жаңы темир жол курулса, Кыргызстандын экономикасына пайдасы көп болмок. Кыргызстандын жеңил өнөр жай товары азыр Казакстан, Орусия аркылуу айланып отуруп, Европага аз эле өлчөмдө экспорттолууда. Кытай-Кыргызстан темир жолу иштесе, кыргызстандыктар өз товарын Европага түз жибере алмак. Каспий деңизине жол ачылып, товарды импорттоодо жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылмак.

Кыргызстандагы саясий туруксуздук, Кытай инвесторлоруна карата кооптонуулар да жолдун курулушун улам кечеңдетүүдө. Азыркы тапта Кытай-Өзбекстан темир жол акырындап ишке киришти. Анткен менен Бээжин ар бир каттам үчүн саясий багыт берүүгө туура келип жатат. Себеби, Москванын бул долбоорго каршылыгы улам күчөп, аймактагы таасирин тарттырып жибербөө үчүн анын толук кандуу иштешин болушунча кечеңдетүүгө аракет кылышы мүмкүн», - деп жазды грузиялык аналитик.

Бээжиндин карызды кайтаруу сунушу

«Asianikkei» бир топ кайрылуулардан кийин Кытай Кыргызстандын 1,8 миллиард доллар карызын кайтаруу мөөнөтүн жылдырууга макул болгонун жазат. Андан ары карызга байланышкан окуяларды баяндап, кыргыз өкмөтү апрелде эле кошуна өлкөнүн Эксимбанкына бересесин төлөөгө дагы убакыт берүүнү өтүнгөнү, өлкөдөгү финансылык абалга пандемия, андан кийин саясий олку-солку сокку урганы баяндалат.

Автор өткөн жумада Кытай 35 миллион долларды 2022-2024-жылдар аралыгында 2 пайыз үстөк пайыз менен төлөөнү сунуш кылганын, кыргыз парламенти ушу тапта ойлонуп жатканын жазат.

Макалада айтылгандай, августта Бээжин Тажикстандын 1,2 миллиард доллар карызынын 40 миллионун төгүү мөөнөтүн жылдырууга көнгөн. Бирок, аналитиктер белгилегендей, Кыргызстанда январда жаңы президент шайланмайынча Кытайдын карыз маселесинде олуттуу бир кадамдарга барары күмөн.

Кытай бийлигин кошуна мамлекеттеги бейстабилдүүлүк, кытайлык ишканаларга чабуулдар тынчсыздандырарын белгилеген басылма Бишкектеги ЕККУ академиясынын изилдөөчүсү Нива Яунун «Бээжин кредит боюнча жеңилдик берсе, ал жаңы долбоорлорго байланат, себеби андай маселелер ушундай шартта чечилет. Бирок коомдук пикирди эске алганда, андай долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүн болбойт» деген прогнозун келтирет.

Басылма ошондой эле Садыр Жапаровдун мамлекетке карыздан кутулуу үчүн жардам берүү максатында атайын эсеп ачып «элдик демилге» тууралуу жарыялаганын жазат.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG