Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:56

Кара-Суу районунун акимдик кызматына 74 талапкер ат салышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун башчылыгына 74, Ноокат районунун акими кызмат ордуна 24 киши талапкер катары арыз тапшырды. Бул тууралуу мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Абдырахман Маматалиев 23-мартта “Азаттык” үналгысына билдирди.

Анын айтымында, документтерди кабыл алуу аяктап, Ош облусундагы район акимдерин тестирлөө жыйынтыкталгандан кийин Кара-Суу жана Ноокат райондорунун акими кызматына талапкерлерди кайра баалоо башталат.

Тилек Матраимов Кара-Суу районуну акими кезинде кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өтүп бара жатканда кармалган. 2020-жылдын 7-октябры.
Тилек Матраимов Кара-Суу районуну акими кезинде кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өтүп бара жатканда кармалган. 2020-жылдын 7-октябры.

Ош облусунун Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов 2020-жылдын октябрындагы элдик ыңкылаптан жана андан кийинки саясий окуялардан кийин кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өтүп бара жатканда тутулуп калган.

Бул жорукка байланыштуу ага кылмыш иши козголуп, кийинчерээк ал акимдик кызматтан кеткен.

Ал эми Ноокат районун акими Бакытбек Марипов өз агасы Улукбек Марипов өкмөт башчылыгына келгенден кийин кызматтан кеткен болчу. (MrA)

XS
SM
MD
LG