Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:24

НАТО "баскынчыл" Орусияга такаат кылчу ынтымакты тастыктады


НАТО өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин отуруму. НАТОнун баш кеңсеси. Брүссел, Белгия. 2021-жылдын 23-марты.
НАТО өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин отуруму. НАТОнун баш кеңсеси. Брүссел, Белгия. 2021-жылдын 23-марты.

НАТОнун тышкы иштер министрлери Батыш ынтымагы "улам өсүп жаткан коркунучтарга жана тутумдашкан атаандаштыкка" туруштук бере берет деп убада беришти жана «Орусиянын баскынчыл иш-аракеттери Евроатлантикалык коопсуздукка коркунуч туудурат", деп баса белгилешти.

НАТО өлкөлөрүнүн министрлеринин 23-мартта, Брюсселдеги сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнүнөн кийин жарыяланган биргелешкен билдирүүсүндө: "Өкүмчүл жана авторитардык дөөлөттөр жана мамлекеттик эмес оюнчулар ичине гибриддик жана кибер коркутууларды, жаңы технологияларды, ошондой эле башка асимметриялык коркунучтарды да камтыган амалдарды кара ниеттик менен колдонуу аркылуу эрежелерге негизделген эл аралык тартипке каршы чыгууда", – деп айтылат.

Ушул эле күнү эртең менен НАТОнун эки күндүк жыйынына катышып жаткан АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кытайдын аскердик кубаттанышы жана Батышты туруксуздаштырууга багытталган Орусиянын аракеттери НАТОнун биргелешкен ишмердигин талап кылган коркунучтарга жатаарын айткан.

НАТОнун бул жыйыны – Батыштын коопсуздук ынтымагынын тышкы иштер министрлеринин 2019-жылдан берки алгачкы бетме-бет жолугушуусу болуп калды.

НАТОнун министрлери өз билдирүүсүндө “Европа менен Түндүк Американын ортосундагы узакка созулуучу трансатлантикалык байланышты» чыңдай берээрин тастыкташты жана «анын жүрөгүндө НАТО турат» деп ырасташты.

АКШнын мурдагы президенти Доналд Трамптын өкмөтүнүн тушунда Трамп мырза кээ бир өнөктөштөрүн өздөрүнүн коргоо жаатындагы үлүшүн адилеттүү төлөбөй жатат деп сынга алып, мунун айынан айрым өнөктөштөрдүн ортосунда шектенүүлөр жана тынчсыздануулар төрт жылдай орун алып келген болчу.

Министрлер ошондой эле НАТОнун негиздөөчү келишиминин 5-беренесине ылайык иш алып барууга өз берилгендиктерин тастыкташты. Бул беренеге ылайык, кайсы бир шериккке сырттан кол салуу – алардын бардыгына каршы чабуул деп каралат.

30 мамлекеттен турган аскердик ынтымактын мүчөлөрү «трансатлантикалык милдет жүгүн калыс бөлүштүрүүдө жакшы ийгиликтерге жетишип жатышканын» белгилешти. НАТОнун министрлери: «Европадагы жана Түндүк Америкадагы бардык шериктердин биздин эч бөлүнбөс коопсуздугубузга салым кошкон аракеттерин» кубаттайбыз, деп билдиришти.

Блинкен мырза расмий Вашингтон НАТОну кайра куруу жана андан ары чыңдоо үчүн аракетин улантат, деп ишендирди.

Энтони Блинкен Мамкатчы катары Брюсселдеги алгачкы сапарында АКШнын президенти Жо Байдендин трансатлантикалык байланыштарды калыбына келтирүү иш-аракеттеринин алкагында Европа Биримдигинин лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү да пландаштырган.

Ал журналисттерге: "Америка Кошмо Штаттары биздин шериктештигибизди, биринчи кезекте, биздин НАТОдогу өнөктөштөрүбүз менен ынтымагыбызды калыбына келтирүүнү көздөйт, биз бул аскердик ынтымакты жандандырууну каалайбыз", – деп баса айтты. (TT)

XS
SM
MD
LG