Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:48

ИИМ: Алга Кылычевдин “Азаттыкка” айткан маалыматы текшерилип жатат


Алга Кылычев
Алга Кылычев

24-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов депутат Бакыт Төрөбаевдин суроолоруна жооп берип жатып Алга Кылычевдин "Азаттыкта" кыйноо фактысы боюнча айткандары текшерилип жатканын билдирди.

“Алга Кылычевдин билдирүүсү кечээки күн менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ошол боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат”, -деди орун басар министр.

Төрөбаев КСДП партиясынын мүчөсү Алга Кылычевдин “Азаттыкка” курган маегинде укук коргоо органдарында кыйноолор токтобой жатканын айтылганын белгилеп, ИИМдин ишин сынга алды.

“Мен ал кишини тааныбайм. Бирок анын сөзүн укканда силер (ИИМ - ред.) илгеркидей желим баштык кийгизип, көрсөтмө алат экен, деп айтты. Эгер чын болсо – бул эскичилик. Бул - туура эмес. Баш мыйзамдагы эң негизги баалуулуктар адам укугу жана анын ден соолугу. Оппозиция өкүлү болобу же башкабы - ал биздин жаран. Кыйноолор болсо маселени дароо караш керек”, - деди депутат.

Мирлан Каниметов Төрөбаевдин сөзүнө текшерүүнүн жыйынтыгы менен кат түрүндө да жооп болорун белгиледи.

Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шектүү катары өтүп жаткан Алга Кылычев күч органдары ур-токмокко алганын, абактан криминалдык топтун өкүлдөрү басым жасаганын 19-мартта “Азаттык” радиосунун” “Абак азабы” берүүсүндө кенен айтып берген. (MiK)

XS
SM
MD
LG