Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:01

Айылдык кеңештердин депутаттарына талапкерлерди каттоо аяктады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

420 айылдык кеңештеги 7560 мандатка 18 772 талапкер катталды. Анын ичинен 5300 талапкер – аялдар.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында жарыяланды. 21-мартта жергиликтүү кеңештерди шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча календарлык планга жараша айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди каттоо аяктады.

63 талапкер саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн, калгандары өзүн өзү көрсөткөндөр болуп саналат.

Республика боюнча бир мандатка 2,5 талапкер туура келет.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Шайлоодон утуп чыккандар 4 жыл иштейт. (MiK)

XS
SM
MD
LG