Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

ЖАМК Алга Кылычевдин билдирүүсүнө жооп кайтарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) КСДП партиясынын мүчөсү Алга Кылычевдин "Азаттыкка" кыйноо фактысы боюнча айткандары боюнча билдирүү таратты.

Эки барактан турган бул билдирүүдө Кылычев сөз кылган тергөө изоляторундагы күч колдонуп зомбулук көрсөтүү, коркутуу жана башка мыйзамсыз аракеттер чындыкка дал келбейт деп айтылат. Ошондой эле мекеме өз милдеттерин мыйзамдардын чегинде аткарат деп жазылган.

“Кызматкерлер мыйзамсыз аракеттердин жана деструктивдүү таасирдин алдын алуу үчүн камераларды тынымсыз кыдырып турат. Мекемелерде видео көзөмөл камералары орнотулган. Эгер ал өз учурунда кайрылганда, ЖАМК текшерүү жүргүзмөк. (Видео көзөмөлдөн алынган маалыматтар бир айга чейин сакталат). Бирок ал эмнегедир, учурунда кайрылууга мүмкүнчүлүгү болсо да тийиштүү органдарга билдирген эмес”, - деп жазылат маалыматта.

Кылычев айткандары боюнча ЖАМК далилдерди тапкан эмес.

Бул маселе 24-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлдү. Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов депутат Бакыт Төрөбаевдин суроолоруна жооп берип жатып “Алга Кылычевдин билдирүүсү 23-мартта Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын, текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын белгилеген.

Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шектүү катары өтүп жаткан Алга Кылычев күч органдары ур-токмокко алганын, абактан криминалдык топтун өкүлдөрү басым жасаганын 19-мартта “Азаттык” радиосунун” “Абак азабы” берүүсүндө айтып берген. (MiK)

XS
SM
MD
LG