Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Бишкекте "Саясий куугунтуктоолор, саясий абал" талкуусу өтүп жатат


Жыйындын катышуучулары.
Жыйындын катышуучулары.

Бүгүн, 24-мартта Бишкекте "Кыргызстандагы саясий куугунтуктоолор, саясий абал" деген темада “тегерек стол” форматындагы талкуу өтүп жатат. Жыйынды коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева жана “Даанышман” курултай кеңеши аттуу уюм уюштурганы айтылды.

Талкууга коомдук ишмерлер Жылдыз Жолдошова, Клара Сооронкулова, Жеңиш Молдокматов жана башкалар, ошондой эле камакта отурган айрым адамдардын өкүлдөрү катышууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду жана "Ханституцияга каршы" борборунун мүчөсү Тилекмат Кудайберген уулун коргоо комитеттеринин өкүлдөрү өз сөзүндө аларды абактан бошотууну талап кылып, саясий куугунтук болуп жатканын айтышты.

Талкуунун катышуучулары өлкөдөгү азыркы саясий абалды талкуулап, конституциялык реформанын мүчүлүштүктөрү, саясий жана сөз эркиндиктеринин абалы тууралуу пикирлерин, сынын айтышты.

Талкуу 24-март – “Жоогазын ыңкылабынын” 16 жылдыгына карата уюштурулганы белгиленди.

Президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна курган маегинде Кыргызстанда саясатчыларга, журналисттерге карата саясий куугунтук болбой турганын билдирген жана “Саясатчысы деле, саясатчы эмеси деле кыйкырып жатат. Биз бирөөнү да куугунтуктаган жокпуз” деп айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG