Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Европарламенттин депутаты Күчүк: ШУАРдагы илимпозду колдогондугум үчүн Кытай мага чектөө киргизди


Илхан Күчүк. София, Болгария. 2019-жылдын 12-июлу.
Илхан Күчүк. София, Болгария. 2019-жылдын 12-июлу.

Европа парламентиндеги теги түрк болгон болгариялык депутат “Азаттык” үналгысына билдиргендей, ал абакта жаткан уйгур тегиндеги экономист аалымга «Ой жүгүртүү эркиндигинин Сахаров сыйлыгын» алууга жардам бергендиги үчүн Кытай тарабынан чектөөгө (санкцияга) кабылды.


"Азаттык" үналгысынын кабарчысынын «Бээжиндин 22-марттагы «кара тизмесине» киргизилген европалык 10 кишинин катарына эмне үчүн Сиздин ысымыңыз кошулган?» деген суроосуна депутат Илхан Күчүк: "Менин оюмча, бул – профессор Илхам Тохтини Сахаров сыйлыгына көрсөтүүгө жигердүү катышкандыгымдан улам болду", – деп жооп узатты.

Илхам Тохти. Бээжин, КЭР. 2013-жылдын 4-февралы.
Илхам Тохти. Бээжин, КЭР. 2013-жылдын 4-февралы.


2014-жылы Кытайдын батышындагы ШУАРдын борбору Үрүмчү шаарынын соту Тохти мырзаны эки күндүк соттук териштирүүдөн кийин жикчилдик доо боюнча айыптуу деп таап, өмүр бою абакка кескен.


Тохти – университеттин мурдагы профессору. Ал расмий Бээжиндин уйгурларга карата саясатын кескин сынга алган. Ал өзүнө коюлган доону четке кагып, өз күнөөсүн мойнуна алган эмес. 2019-жылы Европа парламенти Тохтиге Сахаров сыйлыгын ыйгаруу тууралуу чечимди кабыл алган.


Кытайдын Тышкы иштер министрлиги «башма-баш» деген ыкмага таянып, Илхан Күчүк да курамына кирген Батыштагы айрым саясатчыларды «кара тизмеге» киргизгенин жарыялаган.

Ага чейин КЭРдин ШУАРындагы уйгур, казак, кыргыз жана башка жергиликтүү азчылыктарды куугунтуктоо менен байланыштуу Батыш өлкөлөрү бир катар кытайлык төбөлдөргө жана компанияларга өз ара макулдашуу менен чектөөлөр жарыялашкан болчу.

XS
SM
MD
LG