Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

Абактагы укук коргоочунун сыйлыгын кызы алды


Илхам Тохтинин кызы Жухияга Сахаров сыйлыгы тапшырылды
Илхам Тохтинин кызы Жухияга Сахаров сыйлыгы тапшырылды

Шинжаңдагы уйгурлардын укуктары үчүн күрөшүп жүрүп, кийин Бээжинде жикчилдикке айыпталып, эркинен ажыратылган Илхам Тохтиге Сахаров сыйлыгы ыйгарылды.   

18-декабрда Европарламенттин Страсбургдагы салтанатында Кытайда абакта отурган окумуштуу Илхам Тохтиге ыйгарылган Сахаров сыйлыгы анын кызы Жухияга тапшырылды.

«Айымдар жана мырзалар, урматтуу кесиптештер, биз бүгүн Сахаров сыйлыгын ой жүгүртүү эркиндиги үчүн профессор Илхам Тохтиге ыйгарып жатабыз. Ал бүгүн биз менен чогуу боло албайт, ал 2014-жылдан бери абакта» деди Европа парламентинин төрагасы Давид Сассоли.

Октябрда Сассоли Сахаров сыйлыгынын быйылкы лауреатын жарыялап жатып, Бээжин бийлигин Тохтини “чукул арада” бошотууга үндөгөн. Атасынын сыйлыгын алып жатып, кызы Жухия буларды айтты:

- Мен атамды 2013-жылы Бээжиндин аэропортунда кармалгандан бери көрө элекмин. Атам окумуштуу катары Индиана университетине чакырылып, биз ошол жакка баратканбыз. Тилекке каршы, ал Кошмо Штаттарына жетпей калды. Алар аны жикчил деп, жалгыз камерага камап коюшту.

Сыйлык тапшыруу
Сыйлык тапшыруу

Экономист-окумуштуу, профессор, Кытайдагы уйгур элинин укуктары үчүн күрөшкөн Илхам Тохти беш жылдан бери абакта отурат. Шинжаң автономдуу районунун прокуратурасы Тохтинин Uighurbiz.net сайты аймактын көз карандысыздыгына чакырган материалдарды чыгарат деп айыптаган. Кытай соту аны өмүр бою эркинен ажыраткан. 2014-жылы соттук отурумда Тохти буларды айткан:

- Мен өкмөткө уйгур этностук тобунун үнүн жеткирейин дегем. Мен уйгурлар менен Кытайдагы элдердин баарлашуусуна көмөктөшкөм. Кытай тилинде сүйлөгөн адамдар Шинжаңды жакшыраак билип, түшүнсүн деп Uighurbiz.net сайтын ачкам.

АКШ, Европа Биримдиги жана укук коргоочулар Тохтинин соттолушун Шинжаңдагы активисттерди куугунуктоонун бир көрүнүшү катары сыпаттап, Кытай бийлигин окумуштууну бошотууга чакырышкан.

Быйыл сентябрда Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясы Тохтиге адам укуктары боюнча абройлуу Вацлав Гавел атындагы сыйлыкты ыйгарган. Ассамблеянын төрайымы Лилиан Мори Паскье буларды айткан эле:

- Тохти 20 жылдан ашык убакыттан бери уйгур азчылыгынын абалын жакшыртуу, Кытайда улут аралык диалогду жайылтуу аракетин көрүп келет.

Январда АКШда депутаттардын тобу Тохтинин талапкерлигин Нобелдин Тынчтык сыйлыгына сунуш кылышкан. Нобель комитетинин төрайымы Берит Рейсс-Андерсенге кайрылуусунда конгрессмендер “Кытайдагы адам укуктары үчүн тынч күрөштүн символуна айланган профессор Тохти сыйлыкка эң татыктуу талапкер экенин” белгилешкен.

Бээжин камактагы уйгур активистке эл аралык сыйлыктардын берилишин айыптап келет.

БУУнун маалыматына ылайык, Кытайдын түндүк-чыгыш тарабындагы Шинжаңдын түзөтүү лагерлеринде миллиондон ашуун уйгур жана башка аз улуттун өкүлдөрү кармалууда.

Бээжин адегенде “лагерлер” тууралуу маалыматты четке каккан, кийин бул «элди агартуучу, тарбиялоочу борборлордо» шинжаңдыктар коомго интеграция болууну үйрөнүп, экстремизмге жана террорчулукка каршы күрөш жүрүп жатканын билдирип келет.

Сахаров сыйлыгы 1988-жылдан бери укук коргоочуларга берилип келатат. Былтыр сыйлык ал кезде Орусияда абакта отурган украиналык режиссер Олег Сенцовго ыйгарылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG