Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Муфтиятты ажылыктын акча маселесине аралаштырбоо сунушталды


Муфтият. 2021-жылдын 11-февралы.
Муфтият. 2021-жылдын 11-февралы.

Кыргызстанда муфтиятты ажылыкты уюштуруунун техникалык милдеттеринен ажыратуу боюнча сунуштар айтылып жатат. Бул тууралуу 24-мартта “Азаттык” радиосуна Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев билдирди.

Анын айтымында, мындай пикирин кеңештин айрым мүчөлөрү 11-февралда, ошол кездеги муфтий Максатбек Токтомушевдин кызматтан кетүү тууралуу арызы каралган жыйында билдиришкен.

Ибраев белгилегендей, муфтиятка ажылыктын квотасы боюнча сүйлөшүү жүргүзүү, ажы башчыларын тандоо сыяктуу гана милдеттерди калтырып, акча маселесине байланыштуу башка иштерди жеке фирмага же өзүнчө департаментке тапшыруу тууралуу сунуштар айтылган:

“Муфтияттын айланасындагы акыркы чырлар финансы маселесинен улам болгондуктан ажылыкты уюштуруунун техникалык жактарын муфтияттан алып коюу сунушун Аалымдар кеңешинин кээ бир мүчөлөрү айтышкан. Ал пикирге мен да кошулам. Муфтиятты мамлекет каржылабагандыктан 208 адамдын айлыгы жана башка иш-аракеттер ар бир ажы өзүнүн эрки менен которуп берген белгилүү бир суммадан каржыланчу. Ошону гана калтырып, калганын (уюштуруу, жол, учак, жатакана) фирмаларга же өзүнчө департамент түзүп, ошого берсе деген сунуштар айтылып жатат. Муфтият көбүнчө руханий баалуулук, мечит-медреселер менен, диний маалымат таратуу, үгүт-насаат иштерин элибизге көбүрөөк жеткирүү менен алектенсе жакшы болмок деген каалоо-тилегибиз бар”.

Ибраевдин айтымында, чечим жаңы муфтий жана Аалымдар кеңешинин жаңы курамы шайланып келгенде тийиштүү бийлик органдары менен кеңешүү жолу аркылуу кабыл алынат.

Быйыл 10-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар кошкон акчаны жеке каржы уюмдарына насыяга берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен жеке максаттарына жумшагандыгы аныкталды” деп билдирген жана муфтий менен башкы эсепчини кармаган. Кийин экөө тең үй камагына чыгарылган. Тергөө уланууда.

Муфтиятты 2014-жылдан бери жетектеп келген Максатбек Токтомушев бул окуядан кийин кызматтан кеткен жана айыбы жок экенин билдирген.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылы мусулмандардын ыйык жайы эсептелген Мекке шаарына ажылык сапар болбой калган, быйылкы жылдын ажылык квотасы боюнча маселе чечиле элек.

Аалымдар кеңеши Кыргызстанда мусулмандар курултайынан кийинки жогорку орган. 21 кишиден турган кеңештин мүчөлөрүн куралтай үч жылга шайлайт. (RK)

XS
SM
MD
LG