Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Украина орусиялык жарандарга жана компанияларга санкция салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украина ондогон орусиялык чиновниктер жана компанияларга санкция киргизди. Президент Владимир Зеленский кол койгон жарлыкка ылайык, санкцияга Орусиядагы бир катар жетекчилер, депутаттар, ошондой эле Крымга Украинанын уруксаты жок барган Франциянын парламентинин депутаттары илинди.

Тизмеде 26 адам жана 81 мекеме-уюм бар. Алардын Украинадагы активдери камакка алынып, өлкөгө киришине тыюу салынат.

Чектөө киргизилген уюмдардын катарына Орусиядагы өкмөтчүл “Russia Today” телеканалы, ТАСС, Gazeta.ru, Lenta.ru сыяктуу маалымат агенттиктери кошулган. Бул медиаларга Украинада телекоммуникациялык кызматтардан пайдаланууга тыюу салынат. Мындан сырткары Орусия 2014-жылы аннексиялап алган Крымда иштеген бир нече компанияларга да санкция салынды.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы жазында күчтөп өзүнө каратып алган. Эл аралык коомчулуктун көпчүлүк бөлүгү Крымды азыр деле Украинанын аймагы деп эсептейт.

Москва 2014-жылдын апрелинен бери 13 миң кишинин өмүрүн алган Украинадагы Крым жана Донбасс кагылыштарында куралдуу жикчилдерди колдоп келет.

XS
SM
MD
LG