Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:27

Бир нече күн эл алдына чыкпаган Рахмон Хатлон облусуна иш сапары менен барды


Эмомали Рахмон. 24-март, 2021-жыл
Эмомали Рахмон. 24-март, 2021-жыл

Бир нече күндөн бери элге чыкпай жаткан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 24-мартта Хатлон облусуна иш сапары менен барды. Президенттин басма сөз кызматы “аймактагы абал жана эгемендик күнүнө карата даярдык менен таанышуу үчүн барганын” кабарлады.

Рахмондун бул сапары ал 10-марттан бери эл алдына чыкпай, ден соолугу начарлаганы тууралуу сөздөр тараган учурга туш келди. Президент Хатлон облусуна 22-мартта эле барары жарыяланып, бирок белгисиз себептерден улам башка күнгө калган эле.

Мындан улам социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары менен айрым интернет ресурстары 68 жаштагы Эмомали Рахмон ооруп жатышы мүмкүн экенин, мамлекет башчынын милдети анын баласы Рустам Эмомалиге жүктөлгөнүн жазышкан. Ошондой эле соңку күндөрү президенттин расмий сайтындагы сүрөттөр да жаңыртылбай калганы байкалган.

Президенттин басма сөз катчысы Абдуфаттох Шарифзодабул маалыматтарды четке кагып, Рахмондун ден соолугу жайында экенин билдирген. 68 жаштагы Эмомали Рахмон Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келатат.

XS
SM
MD
LG