Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:48

Кыргызстан Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында аскердик машыгуу өткөрөт


Аскердик машыгууга даярдык. 2021-жылдын 24-мартты.
Аскердик машыгууга даярдык. 2021-жылдын 24-мартты.

Кыргызстандын Коргоо министрлиги Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында “Коопсуздук-2021” жана “Калыптандыруу-2021” деп аталган машыгууларды өткөрөт. 1-апрелден 3-апрелге чейин өтүүчү аскердик машыгууга даярдык башталганын Коргоо министрлигинен кабарлашты.

Бул машыгууда өлкөнүн айрым аймактарында аскердик жана өзгөчө абал киргизилген шартта аскер органдары менен жергиликтүү бийликтин бирге иштешүүсү, мобилизациялоосу сыяктуу тапшырмалар иш жүзүндө аткарылат.

Аскердик иш-чарага эки миңге жакын киши катышып, жүздөй чопкутталган атайын техника, жыйырмадай артиллериялык система, ондой авиациялык техника тартылат. (TSh)

XS
SM
MD
LG