Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:08

Президенттик аппарат Жапыкеевдин атайын наамы тууралуу маалымат берди


Сыймык Жапыкеев. Архивдик сүрөт.
Сыймык Жапыкеев. Архивдик сүрөт.

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Каржы полициясынын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеевге «Финансы полициясынын генерал-майору» жогорку атайын наамы ыйгарылышы тууралуу маалымат берди.

Бүгүн, 24-мартта таратылган маалыматка караганда, президенттин жарлыгы менен мамлекеттик органдардын жетекчилик кызмат орундарынын жана тиешелүү жогорку атайын класстык чиндердин жана атайын наамдардын тизмеси бекитилген.

Галина Байтерек “Бул жарлык менен Финполдун төрагасына "Финансы полициясынын генерал-майору" (эң жогорку наам "Финансы полициянын генерал-лейтенанты”) жогорку атайын наамы каралган. Ошондой эле бул жарлыкка ылайык, президенттин чечими менен биринчи же кезектеги жогорку класстагы атайын класстык чиндер жана атайын наамдар кызматтагы убактысын эске албастан берилиши мүмкүн. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен 2021-жылдын 4-мартында президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Сыймык Жапыкеевге “Финансы полициянын генерал-майору” жогорку атайын наамы ыйгарылган” деп билдирди.

Мурдагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев Финансы полициясынын генерал-майору болгонун 12-мартта «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирген жана «Президентке чоң рахмат» деп жазып, наам ыйгаруу тууралуу жарлык 4-мартта чыкканын жарыялаган.

Мамлекет башчысынын расмий сайтына бул тууралуу маалымат чыккан эмес.

Жапыкеев буга чейин полковник наамында болчу.

5-мартта өкмөттүн Финполду жоюу тууралуу чечими кабыл алынган.

Өкмөт көмүскө экономиканын деңгээли ички дүң өнүмгө карата 24-43% жеткени аталган кызмат ишин жакшы аткарбай жатканына далил экенин, ал ишкерликке мыйзамсыз кийлигишип, жемкорлукка өзү да жол берип жатканын белгилеген.

Жапыкеев өзү инвесторлордун укугу корголгонун, аларды негизсиз текшерүү токтогонун, кызматка дайындоолор таза жана ачык, иш тажрыйбасына жараша жүргүзүлгөнүн билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG