Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Бирмадагы демонстрацияларда кармалган айрым адамдар бошотулду


Бирмада аскердик хунтага каршы демонстрациялар учурунда камалган жүздөгөн адамдар бошотулду. 24-мартта Рангун шаарындагы түрмөдөн адамдар эркиндикке чыкканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. Аскердик бийлик бул боюнча расмий комментарий бере элек.

Түштүк-Чыгыш Азиядагы бул өлкөдө быйыл 1-февралдагы аскердик теңкөрүштөн бери демонстрациялар токтобой жатат. Аскердик хунта Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын ээси Аунг Сан Су Чжи баш болгон бийликти кулатып, камакка алган. Өлкөдөгү демократиялык түзүлүштү калыбына келтирүүнү жана Су Чжини камактан бошотууну талап кылып нааразылык акциялары өтүп жатат.

Демонстрацияларды басуу үчүн аскерлер жайкын тургундарга ок атып, акыркы эсеп боюнча 250дөй адам набыт болду. 2 миңден ашык адам камакка алынганы кабарланган.

Дүйнөлүк коомчулук аскердик хунтадан Бирмадагы мыйзамдуу жарандык бийликти тез арада калыбына келтирүүнү, абакта жаткандарды дароо бошотууну талап кылып келет.

XS
SM
MD
LG