Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:28

Бишкек – Минск түз аба каттамын ачуу маселеси талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрмек Ибраимов ал өлкөнүн Транспорт жана коммуникация министрлигинин Авиация департаментинин директору Артем Сикорский менен жолугушту.

Тараптар эки мамлекет ортосунда түз аба каттамдарын ачуу жана кызматташтыкты талкуулашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, элчи Ибраимов «Avia Traffic Company» компаниясы тарабынан Бишкек – Минск – Бишкек жана Ош – Минск – Ош маршруту боюнча үзгүлтүксүз эл аралык аба ташууларды ишке ашыруу боюнча тиешелүү документтерди беларус тарапка тапшырды. Беларус өкүлү бул сунушту кубаттаганы белгилүү болду. (TSh)

XS
SM
MD
LG