Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:32

ФИФАнын мурдагы президенти Йозеф Блаттер алты жыл футболго аралашпайт


ФИФАнын мурдагы президенти Йозеф Блаттер
ФИФАнын мурдагы президенти Йозеф Блаттер

Эл аралык футбол федерациясы - ФИФАнын мурдагы президенти Йозеф Блаттер алдыдагы алты жылда футболго аралашпайт. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты кабарлады.

Блаттер бул ирет федерациянын эсебинен спорттук аткаминерлерге каражаттарды мыйзамсыз төлөп берген деп табылды. ФИФАнын эсебинен мыйзамсыз акча алгандардын арасында федерациянын мурдагы баш катчысы Жером Вальке да бар. Ага да алты жыл футболго аралашууга тыюу салынган.

85 жаштагы Йозеф Блаттер ФИФАны 1998-жылдан 2015-жылга чейин жетектеген. Ал коррупциялык ири жаңжалга байланыштуу кызматтан кеткен. Эл аралык футбол федерациясынын этика боюнча комитети аны сегиз жылга футболдон четтеткен.

Мөөнөт 2021-жылдын аягында бүтөт, андан кийин жаңы жаза күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG