Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Алга Кылычевдин айткандары текшериле баштады


Алга Кылычев 2019-жылы 9-августта кармалган. Ал ошол эле жылы 22-октябрда тергөө менен кызматташып абактан чыккан.
Алга Кылычев 2019-жылы 9-августта кармалган. Ал ошол эле жылы 22-октябрда тергөө менен кызматташып абактан чыккан.

Алга Кылычев 19-мартта "Азаттыктагы" маегинде абактагы үрөй учурган окуяларды ачыкка чыгарып, бийликтеги бир нече адамдын атын атап, "өлүмдөн башканын баарын көргөнүн" айткан. 

24-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Ички иштер министрлиги КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шектүү катары өтүп жаткан Алга Кылычев "Азаттык" радиосундагы маеги учурунда айткандары тууралуу текшерүү жүргүзө баштаганы белгилүү болду.

Алга Кылычевдин айланасындагы окуяны депутат Бакыт Төрөбаев көтөрүп, ага министрдин орун басары Мирлан Каниметов мындай деп жооп берди:

“Алга Кылычевдин билдирүүсү кечээки күн менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ошол боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат”.

Төрөбаев КСДП партиясынын мүчөсү Алга Кылычевдин “Азаттыктагы” маегиндеги сөздөргө токтолуп, ИИМдин ишин сынга алды.

Бакыт Төрөбаев
Бакыт Төрөбаев

“Мен ал кишини тааныбайм. Бирок анын сөзүн укканда силер (ИИМ - ред.) илгеркидей желим баштык кийгизип, көрсөтмө алат экен деп айтты. Эгер чын болсо – бул эскичилик. Бул - туура эмес. Баш мыйзамдагы эң негизги баалуулуктар адам укугу жана анын ден соолугу. Оппозициянын өкүлү болобу же башкабы - ал биздин жаран. Кыйноо болсо маселени дароо карашы керек”, - деди депутат.

КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шектүү катары өтүп жаткан Алга Кылычев “Азаттыктагы” маегинде күч органдары ур-токмокко алганын, абактан криминалдык топтун өкүлдөрү басым жасаганын айтып берген. Кылычев түрмөнү толугу менен кримчөйрө башкарарын айтып, алар бийлик менен жакын мамиледе экенине да басым жасаган.

Алга Кылычев: Абакта өлүмдөн башканын баарын көрдүм
please wait

No media source currently available

0:00 0:43:17 0:00

Кылычев кылмыш дүйнөсүндө таасири бар делген бир нече жарандын ысымын ачык атаган болчу.

“Ал жакта түрмөнүн башчысы деген жок. “Алтуха” сыяктуу кылмыштуу дүйнөнүн адамдары башкарат. Бир күнү эле түрмөнүн кызматкери келип, “Алга Кылычев, сиз сүйлөшүүгө барып келиңиз” деп калды. Мен абактын башчысы же орун басары менен жолуксам керек деп ойлогом. Үчүнчү кабаттагы ыкчам кызматкерлердин башчысынын иш бөлмөсүнө кирсем эле “Алтуха” отуруптур. Эки жагында балдары бар экен. Ал менден 300 миң доллар талап кылып, эгер бербей турган болсом “бул жердеги жашооң тозокко айланат” деди”.

Алга Кылычев айтып жаткан жаран - “Алтуха” каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Алтынбек Ибраимов. Атайын кызматтын маалыматына караганда, Ибраимовдун кылмыш дүйнөсүндө таасири күч. Ал жалпы жонунан сот жообуна жети жолу тартылган. Ибраимов акыркы жолу 13-январда УКМК тарабынан кармалып, кайра соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.


Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы 24-мартта билдирүү таратып, Алга Кылычевдин айткандарын төгүндөдү. Маалыматта Кылычев өз убагында абактагы шартка нааразы болбогону айтылат.

“Видео тасмада айтылган факт боюнча, жаран Алга Кылычев мекеменин жетекчиси менен сүйлөшүү үчүн камерадан чыгып, бирок оперативдүү кеңсеге чыгып кеткендиги, ал жерде каймана аты "Алтуха" аттуу адам менен сүйлөшкөнү боюнча далилдер табылган жок. Мындан тышкары тергөө изоляторунда Алга Кылычевге карата күч колдонуп зомбулук көрсөтүү, коркутуу жана башка мыйзамсыз аракет фактылары чындыкка дал келбейт. Анткени, мекеменин тиешелүү кызматкерлери тарабынан жалпы мекеменин иштөө чөйрөсүнө мыйзамсыз аракеттердин жана деструктивдүү таасирдин алдын алуу үчүн камераларды кыдыруу жана башка тиешелүү иш-чаралар үзгүлтүксүз жүрүп турат”.

Алга Кылычев интервью учурунда кыйноо фактыларынын артында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев жана мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков турганын айткан. Ички иштер министрлиги Аширходжаевдин дарегине айтылган сын-пикирлер чындыкка дал келбей турганын билдирсе, Асылбек Жээнбековдун адвокаты Асылбек Кочкоров Багыт.kg сайтына мындай деп жооп берген:

“Анын айткан сөздөрү курулай доомат, юридикалык жактан эч бир фактыга негизделбеген. Эмне үчүн мунун баарын октябрь окуяларына чейин айтып чыккан эмес? Ушунун өзү анын максаты кандай экенин көрсөтүп турат. Алга Кылычев ушундай ыкма менен укугун коргойм десе жаӊылышат, юрист катары ага мыйзам чегинде иш алып баруу кеӊешин берет элем. Эгер атайылап жалган жалаа жапканын токтотпосо, мыйзам алдында жооп берерин эсинен чыгарбашы керек”

Алга Кылычев Кой-Таш окуясы боюнча шектүү катары 2019-жылы 9-августта кармалып, 22-октябрда тергөө менен кызматташып эркиндикке чыккан. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жигердүү колдоочусу катары белгилүү. Учурунда “Дан” мамлекеттик ишканасын жетектеген.

Акыйкатчы институтунун кызматкери Алберт Колопов буларды айтты:

Алберт Көпөлов
Алберт Көпөлов

“Алга Кылычевдин айткандары боюнча бизде маалыматтар бар. Бул көп жылдан бери келаткан система. Түрмөгө түшкөн адамдан акча талап кылган, кандайдыр бир талаптарды койгон учурларды угуп эле жүрөбүз. Бирок камакта жаткандар көпчүлүк учурда бул боюнча айтып бербейт. Биз Алга Кылычев менен абактан жолукканбыз. Ал саясий курал болуп калганын эле айткан. Кыйноо фактылары боюнча унчуккан эмес”.

Алга Кылычев “Азаттык” радиосунун “Абак азабы” долбоорунун алгачкы коногу болгон. Бул берүү Кыргызстандын абактарындагы чыныгы абалды, кыйноо фактыларын, бийлик менен криминалдык чөйрөнүн байланышын ачып берүү максатын көздөйт.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG