Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:50

БУУ Беларустагы демонстрациялар учурундагы укук бузууларды иликтейт


БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Беларустагы оппозициянын демонстрацияларынын жүрүшүндө күч колдонууну иликтөө боюнча атайын топ түзөт. Тиешелүү резолюцияны кеңешке мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү 24-мартта кабыл алды.

Документке 20 өлкө «макул», жети өлкө «каршы» деген добуш берди. 20 өлкө добуш берүүдөн карманышты. Учурдагы Беларус бийлигинин ишенимдүү өнөгү саналган Орусия демонстрациялар учурундагы мыйзам бузууларды иликтөөгө каршы чыкты.

«Беларустун элине колдообузду көрсөтүп, адам укугун бузгандарга күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартышыбыз керек»,-деп билдирди Португалиянын өкүлү Руи Масейра.

Беларуста былтыр августта президенттик шайлоодон бери саясий кризис уланууда. Ал шайлоодо бийлик Александр Лукашенко утканын жарыялаганы менен оппозиция жана бир катар мамлекеттер анын бурмаланган жыйынтыгын тааныган эмес. Ошондон бери Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акциялары өтүп жатат. Анын жүрүшүндө Беларустун коопсуздук күчтөрү орой түрдө күч колдонуп, акцияга чыккандарды четинен кармап келет.

Акыркы маалымат боюнча Беларуста 27 миңден ашык киши кармалган. 400дөн ашык адам соттолду. Алардын айрымдары кыйноого кабылып, бир нече адам каза болгону жөнүндө кабарлар чыккан. Оппозициячыл бир нече саясатчы камакка алынып, бир тобу өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко оппозициянын талаптарына кулак салбай, талаптарды аткаруудан баш тартып келет.

XS
SM
MD
LG