Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Депутаттар өкмөттү кымбаттоого байланыштуу парламентке чакырышты


Базарда азык-түлүк ташып бараткан соодагер. Кыргызстан. (Иллюстрациялык сүрөт)
Базарда азык-түлүк ташып бараткан соодагер. Кыргызстан. (Иллюстрациялык сүрөт)

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кыргыз өкмөтүн азык-түлүк жана башка товарлардын кескин кымбаттоосуна каршы чараларын угуу үчүн парламентке чакырышты. Алардын бири депутат Акыл Кемелов 24-марттагы парламент жыйынында өкмөт башчы Улукбек Мариповду сындап, өкмөттөн элге маалымат берүүнү талап кылды.

“Өкмөттүн отчётун угалы, эл талап кылып жатат. Өкмөт башчы аким менен айыл өкмөттү “таштанды чыгарбайсың” деп урушуп жүрөт. Азыр эмне таштанды үчүн урушчу мезгилби? Өкмөттүк саат өткөрүп угалы”, - деди депутат.

Расмий маалыматка караганда, СOVID-19 илдетине байланыштуу чектөөлөрдөн улам бир жыл ичинде Кыргызстандын ички дүң продукциясы 8,6% төмөндөп кетти.

Өлкөдө соңку айларда дээрлик бардык тармактарда кымбаттоо болууда. Азык-түлүктүн, күйүүчү майдын жана башка товарлардын баасы кескин өстү. Расмий түрдө жалпы инфляция 9,7% делгени менен айрым товарлар 50% чейин кымбаттады. (TSh)

XS
SM
MD
LG