Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:39

Турдубаев: Электр энергиясы боюнча жаңы тарифтик саясат даярдалууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин 24-марттагы жыйынында депутат Жанар Акаев электр энергиясына байланышкан маселени көтөрдү. Ал энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевге жарыкка болгон чектөөлөр алынабы деген суроо менен кайрылды:

“Садыр Жапаров электр энергиясына болгон чектөөлөр жазында алынат деди эле. Жаз келгенине бир ай болду. Нарындыктар күтүп жатат. Качан чечилет?”.

Турдубаев буга “жаңы тарифтик саясатты даярдап, он күндүн ичинде өкмөткө киргизгенге аракет кылабыз”, - деп жооп берди.

Кыргызстанда электр энергиясы үчүн тариф акыркы жолу 2015-жылы жайында көтөрүлгөн. Бүгүнкү күндө 700 кВт саатка чейинки электр энергиясына баа 77 тыйын, андан ашканына 2 сом 16 тыйындан төлөнөт. Өнөр жай, айыл чарба жана бюджеттик мекемелер үчүн тариф 2 сом 24 тыйын. (MiK)

XS
SM
MD
LG