Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:17

Европа Биримдигинин эмдөө стратегиясы жаатында талаш уланууда


Венгрия кытайлык "Синофарм" вакцинасын сатып алган Евробиримдиктеги алгачкы өлкө болуп калды. Матрановак, Венгрия. 2021-жылдын 24-февралы.
Венгрия кытайлык "Синофарм" вакцинасын сатып алган Евробиримдиктеги алгачкы өлкө болуп калды. Матрановак, Венгрия. 2021-жылдын 24-февралы.

Европа Комиссиясынын төрагасынын орун басары Франс Тиммерманс Европа Биримдиги өзүнө мүчө мамлекеттердин калкын коронавирус илдетине каршы эмдөөнү камсыздоодо катачылыктарды кетирген болушу мүмкүн, – деп мойнуна алды.

Германиянын Tagesspiegel гезитине берген маегинде Тиммерманс ЭБ бийликтери тарабынан да, айрым мамлекеттер тарабынан да каталар кетирилиши мүмкүн болгондугун белгиледи. Ошол эле учурда, Тиммерманс жаңылыштык же туура чечимдин кайсынысы көбүрөөк болгондугун толук баалоо үчүн эпидемиянын аягына чейин күтүп турууга үндөдү.

Европадагы жана айрым ЕБ өлкөлөрүндөгү бир катар саясий күчтөр Еврокомиссиянын эмдөөгө болгон мамилесин сындап жатышат. Бул расмий турумга ылайык вакциналарды сатып алуу жана бөлүштүрүү борбордук түрдө Брюсселде жүргүзүлүп жатат жана мамлекеттердин өздөрүнүн Европа Комиссиясын айланып өтүп вакциналарды сатып алуу мүмкүнчүлүгү чектелип калган.


Жакынкы күндөрү эле Евробиримдиктеги алты өлкөнүн – Австрия, Болгария, Латвия, Словения, Хорватия жана Чехиянын өкмөт башчылары Евробиримдик өлкөлөрүнүн ортосунда жарала баштаган "теңсиздик" маселесин талкуулоо үчүн ЕБнын чукул саммитин өткөрүүгө чакырышты. (Хорватия бул чакырыкка кийин кошулду).

Алар ЕБ өлкөлөрүнүн ортосунда вакциналардын бөлүштүрүлүшү адилетсиз уюштурулган, натыйжада алардын айрымдары эмдөө көрсөткүчтөрү боюнча башкалардан алдыга озуп, жай мезгилинде жамааттык иммунитетке жетүүгө үлгүрөт, ал эми калгандары артта калат деген санааркоолорун ортого салышты.

АКШ жана Улуу Британия менен салыштырганда, Евробиримдикте эмдөө ылдамдыгы кашаңдык менен жүрүүдө, деген ындар айтылып жатат. Акыркы маалыматтар боюнча, Европа Биримдигинин жашоочуларынын орто эсеп менен 10 пайызы вакцинанын жок дегенде бир дозасын алган, бирок кээ бир өлкөлөрдө, мисалы, Латвияда жана Болгарияда бул көрсөткүч кыйла төмөн. Ошол эле учурда, Евробиримдиктен былтыр чыгып кеткен Улуу Британияда буга чейин калктын үчтөн бири жок дегенде бир доза менен эмделген.

Учурда ЕБде төрт вакцина өндүрүүчүнүн – «Pfizer», «Moderna», «AstraZeneca» жана «Janssen» компанияларынын эмдөө затын колдонууга уруксат берилген. Ошол эле учурда, вакциналарды иш жүзүндө жеткирүү кол колган келишимдерде каралгандан алда канча аз болууда. Маселен, «AstraZeneca» компаниясы, акыркы маалыматтарга караганда, июнь айынын аягына чейин Евробиримдикке күтүлгөндөй 300 миллиондой эмес, болгону 100 миллион гана доза жеткире алат.

Ушул кыйынчылыктарга карабастан, ЕБ өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө эмдөөнүн көрсөткүчтөрү акыркы апталарда бир кыйла тездеди.

Орусиянын «Sputnik V» вакцинасы Евробиримдикте колдонуу үчүн жактырыла элек. Европа Биримдигинин эки өлкөсү – Венгрия менен Словакия – Орусиянын вакцинасын өз алдынча сатып алышкан (алар мындай укукка ээ, анткени «Sputnik V» вакцинасы Ебнын борборлоштурулган сатып алуулар тутумуна кирбейт).

Венгрия калкын эмдөөдө Кытайдын вакцинасын да, «Sputnik V» вакцинасын да колдоно баштады. Словакия болсо «Sputnik V» вакцинасы менне калайыкты эмдөөнү баштай элек.

Бул маселе өлкөдө өкмөттүк кризиске такап, Словакия Саламаттык сактоо министринин кызматтан кетишине алып келди, анткени башкаруучу коалициядагы бир катар күчтөр премьер-министрдин орус вакцинасы жаатында коаициядагы шериктерге айтпастан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын сындап чыгышты.

Орусиянын өзүндө, акыркы расмий маалыматтарга караганда, 7 миллионго жакын киши эмделди. Арийне, жалпы калктын киши башына эсептегенде, бул – Евробиримдик өлкөлөрүнүн көпчүлүгүнө салыштырмалуу аз көрсөткүч болуп саналат.

Айтмакчы, Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиштин айтымында, чех дары өндүрүүчүлөрү коронавируска каршы даярдаган жергиликтүү вакцина сыноодон өткөрүлүүдө жана өлкөдө жактыруунун акыркы баскычында турат. TT)

XS
SM
MD
LG