Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Евробиримдик Johnson & Johnson вакцинасын каттоодон өткөрдү


Европа Биримдиги коронавируска каршы АКШда өндүрүлгөн Johnson & Johnson вакцинасын шаркетке мүчө мамлекеттерде колдонууга шарттүү түрдө уруксат берди.

Бул тууралуу Европадагы дары-дармекти көзөмөлдөө агенттигинин маалыматынан соң Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен да «Твиттердеги» баракчасына жазды. Ал «Рынокто коопсуздук жана эффективдүү вакциналар пайда болуп жатат», деп билдирди.

Урсула фон дер Ляйен «учурда биз буюртма берген вакцина менен Европа Биримдигинде 200 миллион адамды эмдөөгө болот», деп кошумчалады.

Еврошаркет жаңы вакцинага уруксат берүү аркылуу эмдөөнү тездетүүнү көздөп жатат.

Johnson & Johnson Евробиримдикте каттоодон өткөн төртүнчү вакцина болуп калды. Ал 18 жаштан жогоркуларга сунушталат жана бир эле жолу эмдесе жетиштүү болот. Изилдөөлөрдө Johnson & Johnson коронавируска каршы 85 пайыздык жыйынтык көрсөткөн.

Учурда АКШ, Бахрейн, Канада сыяктуу өлкөлөрдө колдонууга уруксат берилген. Буга чейин Европа өлкөлөрү коронавируска каршы эмдөөдө Pfizer-BioNTech, Moderna жана AstraZeneca вакциналарын колдонууда.

XS
SM
MD
LG