Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Коронавирус бир күндө төрт кишинин өмүрүн алды


Коронавирусту аныктаган лаборатория. Бишкек, Кыргызстан.
Коронавирусту аныктаган лаборатория. Бишкек, Кыргызстан.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы төрт бейтаптын өмүрүн алды. Бишкекте, Чүй, Жалал-Абад жана Чүй облустарында бирден өлүм катталды.Бир күндө вирус 63 кишиден жаңы аныкталды.

Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 12-мартта билдирди.

Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1480 кишиге жетти.

Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 86 755 киши болду. Анын 83 766сы айыгып чыкты.

Азыр 312 киши ооруканаларда жатат. Анын 11инин абалы өтө оор, 82 кишинин акыбалы оор деп бааланган. Үй шартында 260 адам дарыланып жатканы расмий кабарланды. (NT)

XS
SM
MD
LG