Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:09

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев биргелешкен билдирүү кабыл алышты


Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев. Ташкент, Өзбекстан. 11-март, 2021-жыл.
Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев. Ташкент, Өзбекстан. 11-март, 2021-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Бүгүн, 11-мартта, Ташкент шаарындагы сүйлөшүүлөр учурунда коңшу өлкөлөрдүн президенттери эки тараптын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактагы мамилесин жогору баалашты.

Сүйлөшүүдө кыргыз-өзбек кызматташтыгын өнүктүрүү, регионалдык жана эл аралык көйгөйлөрдү талкуулашты. Мындан тышкары эки элдин кылымдарды карыткан тарыхый жана маданий жалпылыктарына таянуу менен, кыргыз-өзбек мамилелерин мындан ары кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө, мурда жетишилген келишимдердин өз убагында жана толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылууга умтулууну белгилешти.

Билдирүүдө тараптар мамлекеттердин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн сыйлоо менен бири-биринин ички ишине кийлигишпөө, теңдик принциптеринин негизинде эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүк, достук, ынак коңшулук жана ишеним мамилеcин жигердүү өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө чечкиндүү ниеттерин ырасташары тууралуу жазылды.

Rонструктивдүү саясий диалогду өркүндөтүү жана кыргыз-өзбек мамилесин кеңейтүү максатында эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз байланышты колдоону макулдашты.

Эпидемиологиялык кырдаалдын жакшыруусуна жараша быйыл Борбор Азия мамлекет башчыларынын кезектеги жолугушуусун өткөрүүнү мерчемдеп, аймактагы көйгөйлөр боюнча чөлкөмдөгү өлкөлөр өз ара макулдашылган жана алгылыктуу чечимдерге жетишүүсү зарылдыгын белгилешти.

Эл аралык аренадагы кызматташтык үчүн Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ), Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), Ислам кызматташтык уюму, Түрк тилдүү мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) жана башка эл аралык уюмдардын алкагында мамилени өнүктүрүүгө умтула тургандыгын билдиришти.

Мамлекет башчылары терроризм, диний экстремизм, баңгизат, курал-жарак, адам сатуу жана башка коркунучтарга каршы чогуу күрөшүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Бул багытта Кыргызстан менен Өзбекстандын тийиштүү түзүмдөрүнүн ортосунда кызматташтык улантылат.

Мамлекет башчылары Тараптар ортосунда кол коюлган эки тараптуу документтердин өз убагында жана милдеттүү түрдө жүзөгө ашырылышын жакташат. Бул тууралуу Кыргызстандын президенттик аппараты кабарлады.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта Өзбекстанга мамлекеттик сапарынын алкагында Ташкент шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

Жапаров Ташкентте парламент жана өкмөт жетекчилери менен да жолугушуу өткөрүп, кыргыз-өзбек бизнес форумунун ишине катышат.

Кыргыз мамлекетинин башчысы катары Жапаров алгач иш сапар менен Орусияга, андан кийин мамлекеттик сапар менен Казакстанга барып келди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG