Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:40

Масалиев: Конституцияны кабыл алууда мыйзамдар одоно бузулду


Исхак Масалиев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты.
Исхак Масалиев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев Конституцияны азыркыдай жол менен өзгөртүп жаткандар келечекте жоопко тартылып калышы ыктымал деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн, 11-мартта “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Масалиев билдиргендей, азыркы бийлик мыйзамды кабыл алууда анын жол-жоболорун сактабай, одоно мыйзам бузууларга барды жана "Убактылуу өкмөт кылбадыбы, бизге деле боло берет" деген принцип менен кетип баратат:

“Келечекте акыбал өзгөрүп кетсе кайра кайтарууга (Конституцияны - ред.) негиз болуп калат. Жоопко тартууга негиз болуп калат. Бийликти узурпациялоо белгилери болуп атат. Жогорку Кеңеш мөөнөтүн мыйзамсыз өзгөртүп койду. Мыйзамсыз өзгөртүүлөрдү киргизди. Бир жыл болобу, беш жыл болобу, сөзсүз жоопкерчиликке тартылат".

Жогорку Кеңеш Конституция жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзамды бүгүн, 11-мартта толук колдоду. Эми ал президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 10-марттагы жалпы жыйында конституциялык реформа боюнча сын негизсиз экенин айтып, Конституциянын долбоору мыйзам талаптарына ылайык талкууланып жатканын билдирген жана “Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок” деп айткан.

Президенттик башкаруу формасына өтүүнү көздөгөн жаңы Баш мыйзамдын долбоорун профессор Бекбосун Бөрүбашев баштаган конституциялык кеңешме иштеп чыккан. Президенттик же парламенттик башкарууну тандоо боюнча референдумду 10-январда өткөрүү жөнүндөгү мыйзамды депутат Акылбек Жапаров сунуш кылган. Алар экөө тең мыйзам чегинде иш кылганын билдиришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG