Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:56

Баткенде аткезчиликке каршы операция учурунда УКМКнын эки кызматкери жараат алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде 11-мартта аткезчиликке каршы операция учурунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) эки кызматкери жеңил жараат алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, атайын кызматтын өкүлдөрү Жазык кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренесинин негизинде жүрүп жаткан сотко чейинки териштирүү алкагында Баткен районунун Самаркандек айылында ыкчам тергөө иш-чараларын аткарып жатышкан. Ошол учурда Маширап Абдусаламов аттуу тургун баштаган 20дан ашуун адам контрабандалык жүктүн кармалышына каршылык көрсөтүп, курал колдонушкан.

УКМКнын басма сөз кызматы бул тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

“Аткезчилер тобу кылмышты процесстик документтештирүүгө жол бербөө максатында УКМКнын кызматкерлери менен жапырт кагылышууну пайда кылууга аракет кылышты. Мамлекеттик каттоо номери жок оор жүк ташуучу 6 автоунаанын экөө чек арадан чыгып кетүүгө үлгүрдү”.

Кылмышка шектүүлөр кармалып, окуяга байланыштуу милиция менен биргеликте түзүлгөн тергөө тобу жеринде иштеп жатат.

Чек арадагы аткезчилик маселеси дайыма көтөрүлүп турат. Жергиликтүү тургундар өкмөт жана тийиштүү органдар чара көрбөй жатканын айтып, арызданып келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG