Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Кытайдын Алматыдагы консулдугунун жанында пикет уланды


Кытайдын Алматыдагы консулдугунун жанындагы акция. 11-март 2021-жыл
Кытайдын Алматыдагы консулдугунун жанындагы акция. 11-март 2021-жыл

Алматыда Кытай консулдугунун жанында өтүп келген нааразылык акциясы бейшембиде да уланды. Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылгандар 8-февралдан бери иш күндөрдө ушул жерге чогулуп келет. Алар Казакстан бийлигин да абалга кийлигишүүнү үндөшүүдө. Бейшембиде консулдук жанына келген бир нече аял өзүн жаман сезип, «Тез жардам» чакырууга туура келди.

Акимчиликтин жана прокуратуранын өкүлдөрү жерине барып акция «мыйзамсыз» өтүп жатканын айтышты.

Өткөн айда пикетке чыккандардын бири, Кытайда калган агасы тууралуу маалымат берүүнү талап кылган Байболат Кунболатулы административдик камоого алынган. Ал «тынч митингдерди уюштуруу жана өткөрүү мыйзамын бузганы» үчүн 10 күн камакта отуруп чыкты. Андан тышкары бир нече киши кармалган.

Казакстанга Кытайдан көчүп барган жүздөгөн этникалык казак Шинжаңда калган жакындарын үй камагына алып же күч менен өлкөдөн чыгарбай жатканын айтып келет.

Кытай бийлигин Шинжаңдагы мусулмандарды лагерлерге айдагандыгы үчүн эл аралык коомчулуктун сындап келет. Бирок Бээжин ал жайларды экстремизм жана жикчил терроризмге каршы туруу үчүн “кайра тарбиялоо жана кесипке үйрөтүү” борборлору деп атап жүрөт.

АКШ бийлиги жана эл аралык эксперттер Бээжиндин Шинжаңдагы түрк тилдүү калкка каршы саясатын геноцид деп сыпаттайт. Кытай бул айыптоону четке кагууда.

XS
SM
MD
LG