Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Баткенден Өзбекстанга жана Тажикстанга өткөн газ тууралуу маалымат төгүндөлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенден Өзбекстанга жана Тажикстанга жаратылыш газы мыйзамсыз ташылып кетип жатканы тууралуу маалыматты текшерген жумуш тобу мындай кооптонууга негиз жок деген тыянакка келди. Бул тууралуу 11-мартта “Азаттык” радиосуна Баткен облустук акимчилигинен кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, облустук бийлик өкүлдөрү “ОшГаз” мекемесинин атайын адистери менен бирге Кадамжай районунун Ак-Турпак айылына барып, Өзбекстандын аймагындагы газ сактоочу жайларда болушту жана кампаларды кыдырып, газ же башка мунай заттары жок экенин көрүштү. Бул аймакта делимитация иштери толук бүткөн, бирок объектилер Кыргызстанга өткөрүлүп бериле электигинен аларды азыр өзбек тарап кайтарып турат.

Депутат Нурдиновдун билдирүүсү негизсиз экенин 11-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) да айтып чыкты. Мекеменин маалыматына караганда, өкмөттүн токтому менен быйыл 1-марттан тартып Кыргызстандан мунай затын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирбеген өлкөлөргө алып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынган.

Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов Ак-Турпакта жаратылыш газы үч куур аркылуу Өзбекстан менен Тажикстанга чыгарылып кетип жатканын 9-мартта билдирген. Ал бул тууралуу алгач жергиликтүү блогер билдирүү жасаганын, бирок бийлик реакция кылбаганын айткан жана өзү да Ак-Турпакта болгонун, батышты көздөй баратканда оң тарапта бургулоочу 278 станция иштеп жатканын белгилеген.

Өзбекстандын «ФерганаНефть» ишканасы Ак-Турпак айылынын аймагында 1950-2011-жылдары иштеп, газ сактоочу жайларда көгүлтүр отун запасын кармап, Өзбекстандын Фергана облусун жана Кыргызстандын Ак-Турпак айылын камсыздап турган. (JsA)

XS
SM
MD
LG