Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:56

АКШ менен Кытайдын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүсү кийинки аптада өтмөкчү


(Иллюстрациялык сүрөт)
(Иллюстрациялык сүрөт)

АКШ менен Кытайдын ортосундагы жогорку деңгээлдеги жолугушуу кийинки аптага - 18-мартка белгиленди.

Аляскада өтө турган ал жыйынга Кошмо Штаттар тараптан Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен, президент Жо Байдендин Коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан, ал эми Кытай тараптан Тышкы иштер министри Ван И, ушул эле мекеменин жогорку өкүлү Янг Жичи катышат.

Бул тууралуу 10-мартта АКШнын Ак үйү билдирди. Сүйлөшүүлөрдө бир топ олуттуу маселелер талкууланмакчы. Ошол эле маалда Жо Байдендин администрациясы Бээжинге карата катаң саясатты уланта берет деп күтүлүүдө.

Эки державанын мамилелери - мамлекеттер ортосундагы соода талаштары, Гонконгдогу демократиялык кыймылды басуу, Вашингтон геноцид деп атаган Шинжаңдагы мусулмандарды куугунтуктоо, Тайванга жакын жерде аскердик машыгуу өткөрүү өңдүү Кытайдын аракеттеринен улам начарлаган.

Муну менен бирге АКШ Кытай менен бир катар эл аралык маселелерде – Түндүк Кореянын ядролук программасын токтотуу, Мьянмадагы аскердик хунтага каршы туруу, климаттагы өзгөрүүлөр жаатында кызматташууну көздөйт.

Аляскадагы сүйлөшүүлөр АКШга Жо Байден президент болуп шайлангандан кийинки эки мамлекеттин ортосундагы бийик деңгээлдеги биринчи кездешүү болмокчу.

XS
SM
MD
LG