Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 17:42

Google Орусияга 3 млн. рубль айып пул төлөдү


Google Орусияга 3 млн. рубль айып пул төлөдү. Корпорация бул акчаны Орусияда тыюу салынган маалыматты издөө формасынан алып салбаганы үчүн төлөп берген. Бул тууралуу "Роскомнадзор" маалымдады.

Буга чейин Google Орусияга 2019-жылы 700 миң, былтыр 1,5 млн. рубль айып пул төлөп берген.

Орусияда 2017-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, интернеттеги издөө формасы тыюу салынган сайттардын реестрине байланып, издөө учурунда аларды чыгарбашы керек.

"Роскомнадзор" 10-мартта Орусияда “Твиттердин” иши жайлаганын маалымдады. Мекеменин маалыматына ылайык, мындай чечим аталган платформа жашы жете электерди суицидге түртүүчү, маңзат пайдалануу тууралуу маалыматтарды жана балдардын порнографиясы деп эсептелген контентти алып салуудан баш тартканы үчүн кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG